Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

БАТКЕНДЕ ШЕЙИТ КЕТКЕН ЖООКЕРЛЕРДИН ҮЙ БҮЛӨСҮНӨ МАМЛЕКЕТ КАРАЛАШУУДАБЫ?


12-майда Баткенде кыргыз-тажик чегарасын бузуп кирген куралдуу топтун колунан алты адамдын өмүрү кыйылганы жалпыга белгилүү. Алардын жакындарына кандай камкордук көрүлүп жатат?

Кызмат өтөп жатып курман болгондордун бири Улан Сарыбаев ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы кызматкери болчу. Анын артында алты айлык уулу, жубайы, ата-энеси калды. Атасы Молдобек Сарыбаев айтымында, жакында Ош облустук милиция башчысы Бишкекке келип, Уландын урматына өткөн спорттук мелдештен түшкөн 40 миң сом каражатты тапшырып кетти. Уландын атасынын мындан башка дагы кандай жардамдар берилери тууралуу кабары жок.

Президенттик фонддон берилери күтүлүп жаткан бир жолку каражат боюнча азыр тиешелүү жардык чыкканы кабарлана элек. Президент Курманбек Бакиевдин убадасы боюнча 12-майда Баткенде каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң сомдон, жарат алгандарга 40 миң сомдон берилери күтүлүүдө. Мындан тышкары коопсуздук кызматы, ички иштер министрликтери каза болгондордун жакындары үчүн бир күндүк айлык акыларын чогултуп жатышат. Бул тууралуу маалымат кызматтарынан кабарлашты.

Ички иштер министри Мурат Суталиновдун айтымында, министрликтин Бишкек шаардык бөлүмү Уландын уулу менен жубайына бир бөлмөлүү шарты бар батир сатып берүүнү убада кылды. Бирок, каза болгондордун үй-бүлөсүн турак жай менен камсыздоо мыйзамда көрсөтүлгөн эмес:

- Милиционер өз айлыгына бир бөлмөлүү үй да сатып ала албайт. Ошондуктан, мен кызмат учурунда набыт болгондордун жакындарына бир бөлмөлүү үй берүү боюнча мыйзам долбоорун бир топтон бери өткөрүү аракетин жасап келатабыз.

Мыйзам боюнча кызмат учурунда каза болгондорго алардын ар биринин жагдайларын эске алуу менен, белгилүү мөөнөткө чейин мамлекет ай сайын пособие төлөп турат. Бирок, коргоо министри Исмаил Исаков бул жетишсиз деп эсептейт:

- Кызматкер пенсия курагына жетпей өтүп кетсе, алардын аялдары далистерде жүрүп эле өмүрү өтүп кетерин, жарды-жалчы болуп отуруп каларын көрүп атбайбызбы. Ошондуктан, аялы өлгүчө пенсиясын алсын деген мыйзамды иштеп чыгалы деп атабыз. Көп мамлекеттерде ушундай.

Ушул өңдүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу демилгелерин азыр кыйла мамлекеттик тиешелүү кызматкерлер, мыйзам чыгаруучулар көтөрүп жатышат. Бирок, реалдуу турмушта кызмат орундарында курман болгондордун же жабыркагандардын башкы түйшүгү өздөрүнүн мойнунда кала берүүдө. Маселен, чегарадагы операция учурунда жарат алып, ооруканага түшкөндөрдү дарылоонун милдетин мамлекет толугу менен ала албай койду. Алар дарыланып жаткан кезде жергиликтүү ооруканада болгон «Азаттыктын» аймактык кабарчысынын маалыматына караганда, оорукана операциянын чыгымын гана мойнуна көтөрүп, калган дары-дармектерди жабыркагандар өздөрү сатып алышты.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG