Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:22

22-МАЙДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1917-жылдын бу күндөрү Кытайдан мекенине жүз миңдеген адамдар көчүп келген. 1957-жылдын бул күнү борбор шаарда Кыргызстан жаштарынын I фестивалы ишин баштады.

1917-жылдын бу күндөрү Кытайдан мекенине жүз миңдеген адамдар көчүп келген. Алар өз убагында 1916-жылкы боштондук көтөрүлүшкө катышып, орус колониалдык бийлигинин кыргынынан качкан кыргыздар болушкан. Качкындар Пишпек жана Пржевальск уездине жайгаштырылып, аларга үй, жай бөлүү жана адегендеги жардам көрсөтүү сыяктуу маселелер менен Убактылуу өкмөт өкүлдөрү жана Ташкент кеңешинин депутаттары шугулданышкан.

1922-жылдын бу күнү Түркстан коммунисттик партиясынын Аткаруу комитети жана Жетисуу областтык Аткаруу комитети Тоолуу областты куруу туурасында Р.Кудайкуловдун билдирүүсүн угушту. Жыйын соңунда биргелешкен тарап Тоолуу областты куруу али эрте экендигин жана ал үчүн күрөшкөн кыргыздардын ичинде биримдик жок экендигин белгилешкен.

1957-жылдын бу күнү борбор шаарда Кыргызстан жаштарынын I фестивалы ишин баштады. Фестиваль алкагында областтык топтордун чыгармачылыгы, концерт жана спорттук мелдештер өткөрүлгөн. Мындан тышкаары Дзержинский көчөсү убактылуу “Фестивалдык” аталып, анда күнү-түнү атракцион жана оюн-зооктор көрсөтүлүп атты.

1954-жылдын бу күнү Кыргыз малчарба институтундагы эксперименталдык ферманын зоотехниги Чынгыз Айтматов республикалык маалымдоо каражаттары аркылуу Украинанын Россия курамына кабыл алынышынын 300 жылдыгына карата кызуу куттуктоосун билдирди. Анда кыргызстандык адистер малчылык боюнча тажрыйба алышуу максатында Украинанын колхоз, совхоздоруна барып тургандыгы, мындай көрүнүш эки бир тууган элдин баш кошуп, биригишинен улам мүмкүн болгондугу белгиленет.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1954-жылы бу күнү жардыгы менен Министрлер кеңешине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетин уюштурган. КГБнын биринчи төрагасы болуп Александр Терещенко дайындалган.

1856-жылы айтылуу Третьяков галереясы негизделген.

Бу күнү, 1813-жылы айтылуу композитор Рихард Вагнер, 1859-жылы жазуучу Артур Конан Дойл, 1924-жылы француз ырчысы Шарль Азнавур жарык дүйнөгө келсе, 1826-жылы атактуу орус тарыхчысы Н.М.Карамзин дүйнөдөн өткөн.
XS
SM
MD
LG