БИШКЕК. 22-майда Бишкек шаардык соту маркум Рысбек Акматбаевди жана аны менен кошо сотто иши каралып жаткан алты жигитти толук актады. Бул тууралуу Акматбаевдин адвокаты Рысбек Нагаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сот акыйкат чечим чыгарды. Ал эми милициянын полковниги маркум Чыныбек Алиевдин туугандары шаардык соттун мындай чечимине макул эмес. Алар мыйзамдын чегинде Жогорку сотко кайрыла тургандыктарын билдиришти.