Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

ЧЕРНОГОРИЯ ЭГЕМЕНДҮҮ МАМЛЕКЕТКЕ АЙЛАНЫШЫ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага 21-май күнү Черногория жумуриятында жалпы элдик референдум өткөрүлдү жана анын алгачкы жыйынтыктарына караганда, жумурият эми эгемендүү мамлекетке айланышы мүмкүн.

Биринчи дүйнөлүк согушка чейин Черногория көз карандысыз жумурият болчу, бирок согуштан кийин 1918-жылы Югославиянын курамына кирген. 1990-жылдарда Югославия федерациясы чачырап, Словения, Хорватия жана башка жумурияттар эгемендүүлүк үчүн күрөшүп жаткан мезгилде Черногориянын азыркы премьер-министри Мило Жуканович Югославиянын ошол кездеги президенти Слободан Милошевич менен кошо Федерациянын биримдиги үчүн күрөшкөн.

Анткен менен бардык башка жумурияттар көз карандысыз мамлекетке айлангандан кийин 1993-жылдын башында Европа Биримдигинин сунушу менен Сербия жана Черногория биргелешкен мамлекет түзүүнү чечкен. Биримдиктин президенти жана эки бирдиктүү министрлиги бар, алар - тышкы иштер жана коргонуу министрликтери. Калган тармактарда болсо эки жумурият эки башка мамлекет катары аракеттенет, алардын чек арасында бажы түйүндөрү да бар жана Сербия өз улуттук акчасы - динарды сактап калган болсо, Черногория еврого өтүп алган.

Сербиянын калкы 10 миллионго жакын болсо, Черногорияда болгону 600 миң гана адам жашайт жана жумурият бирдиктүү мамлекеттин жалпы дүң өндүрүшүнүн 5 гана пайызын берет. Ошондуктан айрым эксперттер - Черногория эгемендүү мамлекетке айланса, эбегейсиз экономикалык кыйынчылыктарга дууушар болот деген пикирде.

Бирок Черногориянын жетекчилиги акыркы мезгилде Сербия менен Европа Биримдиги ортосундагы маселелерди өз пайдасына иштетти. 1990-жылдардагы ич-ара согушта көптөгөн аскерий кылмыш жасаган сербдер Радован Каражич менен Ратко Младичти кармап, аларды Гаагадагы эл аралык трибуналга өткөрүп бермейинче, Сербиянын Европа Биримдигине мүчө болуп кириши тууралуу сүйлөшүүлөр башталбайт деген шарт коюлган. Мындай абалда Черногория Биримдик менен өз алдынча сүйлөшүү өткөрүү керек деп чыкты жана Каражич менен Младичти кармоо маселеси Черногориянын улуттук кызыкчылыгына зыян тийгизүүдө деген ураан менен эгемендүүлүк боюнча референдум өткөрүүнү чечти.

Бирок Европа Биримдигинин талабы менен референдумдагы жыйынтык жөн гана 50 пайыз көпчүлүк менен эмес, 55 пайыз менен чечилүүгө тийиш. Добуш берүү Биримдиктин өкүлдөрү жана дипломаттарынын көзөмөлү алдында өттү жана референдум өткөрүү боюнча комиссияны Биримдиктин атынан словакиялык дипломат Франтишек Липка жетектеди. 22-май күнү ал референдумдун алгачкы жыйынтыктарын жарыялады: "Черногориянын эгемендүүлүгү үчүн жарандардын 55,4 пайызы добуш берди, ал эми шайлоочулардын 44,6 пайызы бирдиктүү мамлекеттин калышын колдоду", - деп билдирди референдум комиссиясынын жетекчиси.

Айрым саясатчылардын пикиринде, Черногориянын эгемендүү мамлекетке айланганы - кошуна Косово автономиясы же Абхазия менен Днестр жумурияттарынын эгемендүүлүк үчүн күрөшүнө да таасир этиши мүмкүн. Бирок эксперттердин айтымында, Черногориядагы референдумду - 1993-жылы Чехословакия Чехия жана Словакия деген эки башка мамлекетке бөлүнгөнү менен салыштырыш керек, анткени эки тарап тең - референдумдун жыйынтыгын тааный турганына макул болгон.

Абхазия, Днестр, Кашмир, Косово, Түндүк Осетия жана эгемендүүлүк үчүн күрөшүп жаткан башка автономиялардын маселелеринде болсо экинчи тарап алардын эгемендүү мамлекет болуп бөлүнгөнүнө каршы.

XS
SM
MD
LG