23-майда президент Курманбек Бакиев премьер-министр Феликс Кулов, мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, президентик администрациянын башчысы Мыктыбек Абдылдаев баш болгон бир катар жетекчилердин катышуусу менен Кызылкыяда цемент заводун куруу боюнча кеңешме өткөрдү. Анда бир жерге эки завод курулса экологиялык маселе чыгаары, электр энергиясы эки заводко жетпеши белгиленди. Кеңешмеде президент экинчи инвесторго Ташкөмүр шаарында завод куруу максатка ылайыктуу экенин түшүндүрүү жана маселени тез арада чечүүнү Өнөр жай, тышкы соода жана туризм министрлигине тапшырылды.
Айданбек Акмат уулу
Редактору Кубат Чекиров
Айданбек Акмат уулу
Редактору Кубат Чекиров