Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:28

Жогорку Кеңеш президент менен толук курамда жолугушууну жактады


Жогорку Кеңештин депутаттары 23-майдагы жыйынында президент Курманбек Бакиев менен кийинки жумада толук курамда жолугушууну белгиледи. Өлкөнүн бардык бийлик бутактарынын өкүлдөрү катыша турган ал жыйында Жогорку Кеңешти таркатуу аракети, республикадагы кырдаал жана башка маселелер талкууланмакчы. Депутат Дооронбек Садырбаев жолугушуу телекөрсөтүү аркылуу түз көрсөтүлүшүн сунуштаганда, ал парламенттин колдоосун алды. Жогорку Кеңештин бул чечимин төрага Марат Султанов президент Курманбек Бакиевге жеткирмек болду.

XS
SM
MD
LG