Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

ЧЕМПИОН “ДОРДОЙ- ДИНАМО” КОМАНДАСЫН КЫРГЫЗ ЖЕРГЕСИ ТОСТУ


Азия Футбол континенталдык федерациясынын Президентинин Малайзияда өткөн кубогунун жеңүүчүсү - Нарындын «Дордой- Динамо» командасын кыргызстандык күйөрмандар 23- майда кечинде чон салтанат менен тосуп алышты.

Азия футбол континенталдык федерациясынын президентинин кубогунун күч сынашуусуна катышкан Кыргызстандын эки жолку чемпиону Нарындын "Дордой-Динамо" командасы баш байге үчүн таймашта Тажикстандын «Вахш» командасы менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңип алган. Кыргыз футболунун тарыхындагы чоң ийгилик жараткан дордойчуларды «Манас» аэропортунан күйөрмандар кубаныч менен тосуп алышты. Турнирдин кубогун кармаган «Дордой-Динамо» футбол клубунун президенти Аскар Салымбековду Жогорку Кеңештин айрым депутаттары колдоруна көтөрүп, командасынын жеңиши менен куттукташып, асмандата ыргытып турушту.

Нарындын «Дордой- Динамо» командасынын Азия аймагына таанылышы, кыргыз футболунун ийгилиги экенин, футбол дагы чоң саясат, ушундай духту көтөргөн спорт оюндары идеологиянын башаты болоорун Жогорку кеңештин депутаты Аскар Салымбеков белгиледи.

-Кийинки жылдары Кыргызстанда футболдун деңгээли акырындык менен жогорулап, чеберчилиги менен таанылган командалар пайда боло баштаганы жакшы жышаан. Ушул турнирде атаандаштарын алдыга чыкканы да жакшы жөрөлгө болду. Эми кыргызстандык жигиттер финалда тажиктерге тең ойноп, негизги убакыт 1:1 эсебинде аяктады. Кошумча убакытта "Дордойдун" жарым коргоочусу Илдар Амиров жеңишке жеткирген топту таамай тээп киргизди. Ошентип баш байгени Нарындын «Дордой-Динамосу» жеңип алып, кубок жана 50 миң доллардык чек менен сыйланды.

Финалдык оюндар курч мүнөздө болгонун, быйылкы атаандаштардын даярдыгы мыктылыгын “Дордой- Динамо” командасынын чабуулчусу Замир Жумагулов айтты.

Тажикстандын чемпиону “Вахш” командасы менен болгон финалдык таймашта Кыргызстандын намысын сактап калышканын, футболго өкмөттүк денгээлде көңүл буруунун зарылдыгын «Дордой- Динамо» командасын капитаны Руслан Сыдыков
белгиледи.

Бул жеңиш Кыргызстанга арналганын, «Дордойдун» чабуулчусу Роман Корнилов турнирдин мыкты оюнчусу деген сыйлыкка арзыганын «Дордой- Динамо» командасынын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов кошумчалады.


«Дордойчулар» Шри-Ланканын чемпиону «Ратнам» командасын, Непалдын чемпиону “Мананг» командасын жана жарым финалда Камбоджа өлкөсүнүн чемпиону «Кхемару» командасын 3:0 эсебинде жеңип алышкан. Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогун финалда уткан Нарындын «Дордой- Динамо» командасына 50 миң америка доллары жана кубок ыйгарылган. «Дордойдун» жеңишинин урматына МАИ кызматкерлеринин коштоосундагы автокербен Бишкек шаарынын негизги көчөлөрүн аралып, команданын желегин булгалап, «Дордой- чемпион» деп кыйкырып жүрүштү. Алардын жеңишинин урматына «Дордой- плаза» комплексинин жанында салют атылып, жүздөгөн футбол күйөрмандары кубанычты тең бөлүштү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG