Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:19

СЕЙИЛ БАКТАГЫ ИНТЕРНЕТ


Жаныл Жусубжан, Прага Компютер менен иштейт десе эле биз офисте экранды тиктеп отурганды элестетебиз, бирок техника өнүккөн сайын компютердин көтөрүп жүрмө түрлөрү арзандап, ошондой эле интернетке бекер чыгуу мүмкүнчүлүгү көбөйүүдө. Буга мисал – Нью-Йорктун атактуу Борбордук паркында бекер интернет орнотууну пландашууда, бирок буга каршы чыккандар да жок эмес.

Компютерде көп иштесеңиз, жабык чөйрөдө көп сааттар бою кыймылсыз отурган ден-соолукка анчалык пайда алып келбей тургандыгын, албетте, өз тажрыйбаңыздан жакшы билесиз. А эгер ноутбугуңузду көтөрүп алып, Бишкектин эң атактуу Эркиндик бульварында шашпай отуруп, таза абада бир-эки саатка иштеп келгенге кандай карайт элеңиз? Бирок бул үчүн кабелсиз иштеген интернет байланышы керек.

Европада жана Кошмо Штаттарында мындай байланыштын бекерин көбүнчө "Старбак" аталган кафелерден жолуктурабыз. Эгер сиздин ноутбугуңуз уаелести кабыл алса, кафеде шашпай отуруп, электрондук почтаңызды текшерип, ары-бери жооп жаза салып, соңку кабарларга көз жүгүртөсүз, же жактырган романыңызды окуп, а балким испан тилинен кезектеги сабагыңызды окуйсуз.

Мына эми мындай мүмкүнчүлүк Нью-Йорктун эң атактуу Борбордук Паркында жаралмакчы. Чок ортосунда мындай зор жашыл зона болбогондо он миллиондуу Нью-Йорк дүйнөдөгү көптөгөн көрксүз конгломераттардын бири болмок. Паркта сейилдеп басып, велосипед же скейт тээп, көлмөлөрүндө ак кууларга суктанып, 20 чакты спорт борборунда машыгып, зоопаркынан 1 жарым миң чакты айбанаттарды көрө аласыз. Борбордук паркка жылыга дүйнөнүн булуң-бурчунан 25 миллион киши келет. 2003-жылы 150 жылдыгын майрамдаган парктын айланасында миңдеген офистердин кызматкерлери түшкү танаписте ушул жакта эс алышат. Эми ушул жайдан тартып аларга бул жакка интернетке бекер чыгууга мүмкүнчүлүк пайда болууда.

Дэрил Коаксон бул жакка көп каттаган шаар тургуну.
Анын айтымында, бекер интернет байланышы болсо, компютер дегенде жантыгынан жата калган нью-йорктуктар эми батирлерин, кеңселерин, кафелерди таштап, ушул жакка агылышат.

Бирок башкалар парк эч ким менен иши жок, компютерлерин тиктеген кишилерге толуп кетет деп кыжаалат. Алардын бири Нью-Йоркто иштеген лондондук дизайнер Симон Рожерс. Анын пикиринде, эгер ар бир кишинин компютерден башы чыкпай калса, эс алуунун жана ден-соолукту бекемдөөнүн очогунун кунары гана кетет.

Анын үстүнө анын "табигый", же башкача айтканда технологияларсыз парк бойдон калышын талап кылган эрежелерге байланыштуу талаш-тартыш али чечиле элек. Ошондой эле ири интернет компаниялары мында бекер интернет байланышын орнотууга анчейин кызыкпай жаткандыгы байкалат. Буга караганда, уайелес байланышын июль айынын аягына чейин ишке киргизүү планы өз убагында ишке ашаары азырынча белгисиз.

Бирок уайелестин сүрөөнчүлөрү да аз эмес. Борбордук Паркка итин күндө эки маал алып чыккан Ким Маккарти техникалык прогресстин жашыл чөйрөгө басып киришин өөн көрбөйт:

-Бул парк адамдар өздөрү менен өздөрү болуп, каалагандай жүрө турган жер эмеспи. Офисинде камалып отургандан көрө, бак-шактын ичинде, таза абадан дем алып отурушса, анын эмнеси жаман,- деп ийнин куушурат ал. Бул туура деңизчи, бир гана жери мындай бекер байланыштан пайдаланыш үчүн, сиз алгач интернет сайтта бир нече рекламалык барактарды карап чыгышыңыз керек болот. Ошондон кийин гана булбулдун сайраганын ыракаттана угуп, компютерге каалашыңызча, тагыраак айтканда, ноутбугуңуздун батареясы түгөнгөнчө үңүлө бересиз.
XS
SM
MD
LG