Кыргызстанда ВИЧ-СПИД илдетин жуктуруп алып, андан кайтыш болгондордун саны 86 адамга жетти. Алардын көпчүлүк бөлүгүн Ош шаарынын жана облустун тургундары түзөт. Ошто бул илдетти алып жүрүп кайтыш болгон 47 адамдын жыйырма тогузу түздөн-түз иммундук жетишсиздиктин айынан жабыркап жүрүп каза болгон. Ош облустук СПИДДин алдын-алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгеринин орун басары Жаркынбай Жусуев ВИЧти алып жүрүүчүлөрдүн алсызданып өлүмгө учурашы алардын организминин күчүнө байланыштуу экендигин айтты:
- ВИЧти жугузуп алгандан кийин аны 4-5 жыл жашайт деп айта албайбыз. Анткени ал ар бир адамдын иммундук системасынан көз каранды. Иммундук жетишсиздик синдрому бул өз ордуна келбей турган синдром. Себеби организмге киргенден кийин бул вирус иммундук системаны түп-тамырынан жогото баштайт.
Ош шаарында СПИДДен кайтыш болуп кеткен адамдарды эскерүү аталган илдетти жугузуп алуу коркунучу бар экендигин эскерткен ураандын алдында өттү. СПИДДин алдын-алуу, анын кеңири таркалып кетишине каршы күрөшүү боюнча эл аралык тажрыйбалар боюнча окуулар өткөрүлүп, дарыгерлер бул багытта талкууларды жүргүзүштү.
Али күнчө дабаасы табыла элек ВИЧ илдети Ош шаарында биринчи жолу 1998-жылы катталган. Дарыгерлер андан бери карай ВИЧтин токтолбостон динамикалык өсүш менен келе жаткан коркунучун белгилешти:
- 1998-жылы бир баңги катталган, 1999-жылы дагы бир баңги катталган, 2000-жылы каттоо болгон жок. 2001-жылдан баштап СПИД менен ооругандардын саны тез көбөйүп кетти, - деди Ош облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгеринин орун басары Жаркынбай Жусуев.
Ош шаарынын тургуну Калича Сатымбекова болсо СПИДке байланышкан сандардын өсүшү тынчсызданууну пайда кылып жаткандыгын айтуу менен, илдеттин тез таралып кетүүсүнүн алдын-алуу зарылдыгын белгиледи.
- СПИД менен ооруп калганын билбегендери канча. Азыркы жаш муундарды карап, ошолордун келечегин ойлогондо аябай чочуйсуң. Дегеле башка жака көчүп кеткиң келет кыялыңда, бирок кайда барарыңды билбейсиң, себеби СПИД дүйнө жүзүндө таркалып аткан ооруу, - деген тынчсыздануусун билдирет Калича Сатымбекова.
СПИДден каза болгондорду эскерүү жумалыгы мектептердин, окуу-жайлардын жана мекеме-уюмдардын жамаатык командаларынын ортосунда аталган илдет боюнча маалыматтарды көп билгендерди аныктоо мелдеши менен аяктады.