Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

ЖАЛАЛАБАТ : СООДАГЕР АЯЛДАР БАЗАРГА ТАРТИП ОРНОТУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ


Жашылча-жемиш жана башка азык-түлүк сатып жашаган соодагер аялдар 23-майда облустук бийликке нааразылык билдирип келишти. Алар жакында барган жаңы базардагы орун акылардын кымбаттыгын белгилешип, борбордук базарга кайра көчүрүүнү, сырттан келчү азык-түлүк буюмдарды бир жерге түшүрүп, базарга тартип орнотууну талап кылышты.

Жалалабаттагы борбордук базардын сыртында жашылча-жемиш саткан жүзгө жакын ишкерлер он күн мурда башка жакка көчүрүлгөн. Соодагер аялдар орун жана ижара акысы кымбат жаңы базарда тартип орнотууну, иштөөгө жакшы шарт түзүп, азык-түлүк жашылча-жемиш түшүрүүчү бир жай ачууну талап кылышты. Он балалуу Токтокан Сыдыкова иштин жоктугунан соодагерлик кылганы менен жол киреси да акталбай жаткандардын бири: - Менин он балам бар, бирөөсү да иштебейт. Мен жалгыз багам ошол балдарды. Мен 90-жылдан бери ушул базарда иштейм. Кече 2 кап бадыраң алдым эле, өтпөй атат.Кулпунай алсам,баары соолуп калды. Мага зыян болуп атат, же жол кирем чыкпайт, саргайып ачка отурам бул жерде.

Гүлмира Каримованын айтымында шаар бийлиги убадаларын аткарган жок. Кардарлар барбагандыктан ал жерге көчкөндөрдүн жашылча-жемиши бат бузулууда: - Ошол жерди адам келе тургандай кылып шарт түзүп берем деген. Бир дагы сөзү аткарылган жок. Ошолорго ишенип келип 10 күндөн бери отурабыз.

Шахсанам Эгембердиева: - Бир-эки кила кылып базарга алып келебиз жер-жемиштерди. Орунга акча алышат, биз болсо отурабыз эч нерсе сата албай.

Кундуз Жээнкулова: - Биз балдарды ушул менен гана багып атабыз. Чоңдордун чөнтөгүнө акча түшүп атат, биз болсо отурабыз бул жерде.

Борбордук базардын айланасында автоунаа жана жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө мүмкүндүк болбогондуктан жергиликтүү бийлик айланма жол ачуу үчүн көчө-базарда олтургандарды башка жакка көчүргөн. Губернатордун орунбасары Айбек Акбаров нааразы болгон аялдарды сабырдуулукка чакыруу менен он беш жылдан бери улантылып келаткан базар айланасындагы башаламандыкка чекит коюларын билдирди.

- Облустук администрация жолдорду ачыш, чоң Ленин көчөсүндө транспортту азайтыш боюнча, базарларды иретке келтириш боюнча токтом кабыл алды. Бир продукция сатыла тургандай кылып ар бир базарды бөлүп атабыз. Ал эми бул жерге адам келбей атканы, ортодогу жол али бүтө элек, ошол жерди оңдоп кое турган болсок, эл келе баштайт,- деди губернатордун орунбасары.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG