Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

«БЕШИК ЫРЫ» МЫКТЫ ТАСМА ДЕП ТАБЫЛДЫ


Соңку убакта кыргыз киноишмерлери жараткан тасмалар жакшы ийгиликтерге жетишүүдө. Маселен, кыргызстандык режисерлор Марат Алыкулов жана Нурлан Асанбеков тарткан фильмдер Ташкентте өткөн экинчи эл аралык кинофестивалда байгеге ээ болду.

«Чыгармачылык эргүү» деген аталышта өткөн бул фестивалда Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын кинорежисерлору тарткан он бир толук жана он алты кыска метраждуу даректүү тасмалар көрсөтүлгөн.

Ошондой эле сынактан тышкары Швейцария, Германия, Орусия жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн мыкты киночеберлеринин тасмалары көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын кинематографистер кошууну төрт кыска метраждуу көркөм фильмди көрүүчүлөрдүн сынына коюшкан. Атай кетсек «Чек ара», «Ленин кечир», «Бешик ыры » фильмдери. Аталып өткөндөрдүн ичинен жаш режисер Марат Алыкуловдун «Чек ара» фильми калыстар тобунун атайын сыйлыгына ээ болгон. Марат Алыкулов буга чейин ушул эле фестивалга «Чычкан» аттуу тасмасы менен катышкан. Ал эми Нурлан Асанбековдун «Бешик ыры» аттуу фильми эң мыкты тасма деп табылган. Бул тасма кинофестивалдын биринчи күнүндө көрсөтүлгөн.

-Тасма бүтөөрү менен баары менин жаныма келишип, фильм жогорку деңгээлде тартылганын айтышты. Ал эми калыстар тобунун Айтуаров аттуу мүчөсү менен баарлашканымда ал тасмада учурдагы эң актуалдуу маселелердин бири чагылдырылганын айтып, алдын ала эле бул фильмге өзүнүн жогорку баасын берерин билдирди,- деди киноишмер Гулбара Төлөмүшова.

Көпчүлүктүн көңүлүн бурдурган бул тасмада айылдан шаарга келип, турмуштун көптөгөн кыйынчылыктарына кабылып, жаңы төрөлгөн наристесин төрөт үйүнө таштап кеткен жаш кыздын турмушу чагылдырылган. Фильмдин режиссеру жана сценарийин жазган Нурлан Асанбековдун айтымында мындай тасманы жаратууга таштанды балдардын окуясы түрткү болгон.

"Кыргызфильм" киностудиясынын колдоосу менен тартылган бул фильм Москвада өткөн 9-кинофорумда жана Анапада өткөн Киношок фестивалында көрсөтүлгөн.
XS
SM
MD
LG