Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:05

Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусунун губернатору болуп дайындалды


Президенттин жардыгы менен Жогорку Кеңештин депутаты Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусунун губернатору жана түштүк аймагы боюнча президенттин өкүлү болуп дайындалды. Жаңы губернаторду Ош облусунун активине мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров тааныштырды. Облустун мурунку губернатору Адам Закиров ушул жылдын февраль айында бул кызматка дайындалган эле. Ал кызматынан өз арызы менен кеткени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG