Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

ЭЛДИК МИТИНГ, АКЫРКЫ КОҢГУРОО, БАКИЕВ АКАЕВДИН АНЫК КУЙРУГУ ЖАНА КЛОНУ


25-майдагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары орто мектептердеги бүтүрүүчүлөрдүн акыркы коңгуроосу, 27-майда өтө турган митинг тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.

“Алас” гезити “көгөндөн бий койсоң, көкөшүңдү оюп жейт” деген баш сөз менен чыкты. Бул жумалык Жогорку кеңешин депутаты Жантөрө Сатыбалдиевдин Ош облусуна губернатор, журналисттер кесиптик кошунунун төрагасы Азамат Калмандын өкмөттүн басма сөз катчысы болуп дайындалышы, 27-майда болчу элдик митинг жана аскердик парад, Каракече көмүр кенин бир жыл жетектеген Нурлан Мотуевдин камалышы тууралуу маалыматтарды жарыялады.

“Бийлик 27- майда канчалаган каражатын коротуп Алатоо аянтында аскер парадын өткөргөнчө, жылаңач аскерлерине ич кийим сатып берсе дурус болмок” деп Жогорку кеңешин мурдатан унчукпаган депутаты Таалай Субанбековдон үн чыкты. Чындык чыркырап тургнда чыдабай сокурдун көзүнөн жаш, дудуктун оозунан сөз чыгаарын далилдеди” деп жазат “Алас” гезити.

“Алас” жана “Лица” жумалыктарына “Асаба” партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаеванын “Курманбек Бакиев Аскар Акаевдин коендой окшош клону болуп чыкты” деген учурдагы бийликтин оорусу, оош-кыйыштары тууралуу макаласы жарык көрдү.

“ Бийликке келген биринчи күндөн тартып эле Курманбек Бакиевдин өлкөнү өнүктүрүү боюнча өз көз-карашы, жеке кадрдык резерви жок экени ачыкка чыкты. Президент бийликтин административдик “бийиктигин” түзүүгө умтулууда. Ал акаевдик бюрократияны кайрадан калыбына келтирди. Кээ бирлерин андан да жогору көтөрдү. Былтыр мартта калк кайра тургус кылып, таш- талканын чыгарган мамлекеттик чиновниктерди саясый аренага кайра апкелди. Эгерде 29 -апрелдеги митинг болгону 4 адамдын отставкасын талап кылса, 2005- жылдын декабрындагы алтынчы элдик курултай Акаевге өлкөнү жакырчылыкка кептөөгө көмөктөшкөн 44 адамды бийликтен четтетүүнү Курманбек Бакиевге сунуштаган.
Президенттин таянар тоосу- күч структуралары. Эң оболу үйбүлөлүк уяга айланган Улуттук коопсуздук кызматы” деп белгилеген Роза Отунбаева.

“Эл азыр митинг-пикеттен чарчады. Бирдеме кылайын десе, бийлик менен оппозициянын түрүн көрүп, эртеңкиге ишенимдери өчүп, жан- дүйнөсү кирдеп, жакыр эл ансыз деле чөгүп турат. Ошондуктан эл деген жигиттерди сабырдуулукка чакырар элем. Өлкөдө тынчтык, стабилдүүлүк болсо,” -дейт “Алас” гезити аркылуу “Курманжан датка” кайрымдуулук фондусунун төрайымы Жылдыз Жолдошева.

“Алас” гезити жазуучу Сабыр Күрүчбеков Жогорку кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев менен болгон маектешүүсүн жарыялады. Анда учурдагы бийликтин каталыктары, кадр саясаты, 27- майда болчу элдик митинг, андай айтылуучу талаптар, жаңы дайындоолор, орун которуштуруулар тууралуу Дооронбек Садырбаев кеңири айтып, өз пикир- сунушарын билдирген.

“Бишкекте митинг болсо, Өзгөндү өрт каптап, Жергеталда жер титирейби?!"- дейт депутат.

“Лица” гезити кабарчы Лейла Саралаеванын Москвадан эл аралык “Мээрим” кайрымдуулук фондунун төрайымы Майрам Акаева менен болгон интервьюсуна орун берди. Маектешүүнүн темасы “Курманбек Бакиев - Аскар Акаевдин негизги жана башкы куйругу” деп атаган Майрам Акаеванын сөзү менен башталган. Анда президенттик администрациянын мурдакы жетекчиси Үсөн Сыдыковдун сотко шылтоологон жоруктары, өзүн эмес Курманбек Бакиевдин уулу Максимди сотко берсе болмок деген пикири, 24- мартта өлкөдөн кандай жагдайда чыгып кетишкени, учурда Аскар Акаевдин илимге кайтып келиши, англис тилин терең үйрөнүп жатышы жана чет жергеги жашоо - тиричиликтери тууралуу кеңири айтып, маек курган.

“Аскар Акаев- эч качан диктатор болгон эмес, ал абдан кең пейил адам. Диктаторлук анын мүнөзүнө да жарашпайт. Учурда аны негизсиз каралап, жаңы бийлик жамандап жатат. Анын бардык ишмердүүлүгүнө көөп жаап, Кыргызстанды эл аралык аренага таанытканын танып турушат.Тарыхый учур келгенде баары өз баасын алып, ордуна келет. 24-марттагы төңкөрүштү криминалдык күчтөрдүн, наркомандардын жардамы менен ишке ашырышканын өздөрү айта баштады. Бийликти күч менен тартып алышкан. Биздин эмгекти чет жердеги достор унутушкан жок,”- дейт Майрам Акаева.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG