Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

ОРУСИЯ МЕНЕН ЕВРОБИРИМДИКТИН КЕЗЕКТЕГИ САММИТИ ӨТҮП ЖАТАТ


Төрөкул Дооров, Москва. Ушул мүнөттөрдө Сочи шаарында Орусия менен Евросоюздун саммити өтүп жатат. Ага президент Владимир Путин, өкмөт-башчы Михаил Фрадков, Еврокомиссиянын башчысы Жозе Мануэль Баррозу, Австриянын президенти Вольганг Шуссел жана бир топ европалык комиссарлар катышууда.

Евробиримдик менен Орусиянын кезектеги саммитинде негизги көңүл ортодогу энергетикалык кызматташтыкка бурулаары айтылган болчу. Жыйынды ачып жатып, орус президенти Владимир Путин европалык өнөктөштөрү менен отун жаатындагы кызматташуу жылдан-жылга жакшыра баштаганын белгиледи.

-Түндүк-Европалык газ куурунун тургузулушу, континенттин энергияга талабын толук канааттандырууга көрүлгөн аракеттер – мунун баары глобалдык жана регионалдык өнүгүүнүн милдеттерин аткарууга, европалыктардын жашоо деңгээлин жакшыртууга багыталып жатат, - деди Путин.

Дегинкиси, бул жолку саммитти көпчүлүк байкоочулар «Чоң сегиздиктин» жакында өтө турган жыйынына даярдык деп аташты. Алардын айтымында, бул саммиттен энергетика боюнча кандайдыр бир конкерттүү чечимдерди күтүүнүн деле кажети жок. Анткени, Орусия менен Евробиримдик ортосунда энергетика тармагында, өзгөчө «Газпром» компаниясынын европалык энергетикадагы ролу боюнча, пикир-келишпестиктерди жараткан жагдайлар көп.

Европалыктар ушул жылы январда Украина менен Орусия ортосундагы «газ чатагын» эстен чыгарыша элек. Анда бир топ европалык өлкөлөр ал чатактын айынан орусиялык газдан куру калышканы маалым. Мындан ары Евросоюз буга жол бербей тургандыгын айтууда. Бул үчүн айрымдар жылдан-жылга монополисттик оордун күчөтө баштаган «Газпромду» реформалоо керек деп кыйкыра башташты. Ошол эле учурда расмий Москва Евросоюзду «кош стандарттуулук» үчүн айыптап келатат. Мунун айынан энергетика тармагында иштеген орусиялык компаниялар европалык базарга кире албай жатышканы айтылууда.

Иши кылып, бул жолу отун маселеси чечилиши күмөн. Бирок ортодогу каттамда виза режимин буга чейинкисинен кичине жумшартуу боюнча келишимге жана мыйзамсыз жүргөндөрдү өз өлкөсүнө кайтарып берүү тууралуу документке кол коюлушу толук мүмкүн. Андан башка Орусия менен Евробиримдик ортосундагы жалпы эле кызматташтык боюнча документке да кол коюлат.

Ошондой эле, бул жолку саммитте эларалык турмуштагы негизги маселелер, Ирандын өзөктүк программасы, Жакынкы Чыгыштагы абал жана Ирак, Ооганстандагы кырдаал да талкууга алынды.

XS
SM
MD
LG