Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

БИРИ - БАЙ, ЭКИНЧИСИ - КЕДЕЙ


Апта соңундагы кыргыз басылмаларында Кыргызстандагы саясий-социалдык, экономикалык проблемалардын комментарийлери, ойлор, пикирлер жарыяланды. «Азаттык» үналгысын уюштуруучулардын бири Азамат Алтайдын о дүйнө сапар алганы тууралуу материалдар чыкты.

«Казакстан эң бай 50 өлкөнүн бири болгусу келип жатса, Кыргызстан эң кедей 30 өлкөнүн бири болбоско аргасыз». Мындай пикирин өкмөт башчынын орунбасары Данияр Үсөнов Эларалык валюта корунун Кыргызстанга келген өкүлчүлүгү менен жолугушуу маалында билдиргенин жума күнкү «Кыргыз туусу» гезити жазып чыкты. Д.Үсөнов Эларалык валюта коруна кирүү менен ХИПК программасына кошулуунун ортосунда эч кандай айырма деле жоктугун ырастаган. Анын айтымында, мурдагы бийлик тушунда алынган карыздарды төлөө жүгүн Эларалык валюта кору кошулуп азайтуу аракетин жасашынан өөн табыштын ылайыгы жок.

Ушул эле гезитте биртоп саясат таануучулардын ХИПК программасы тууралуу пикирлерине орун берилген. Пикирлер топтому «ХИПКке кирсек мүйүздөн айрылабыз» деген аталышта жарык көргөн.

«Кыргызстан ашмалтайы чыккан, бок-жини аралашкан саясий тирешүүлөрдүн сормо сазына белчесинен батып калды», деп жазат «Кыргыз туусу» гезитинин кабарчысы Р.Байгубатов.

Жума күнкү «Агым» гезитинде парламент депутаты Дооронбек Садырбаевдин «Акылга келүү үмүтү» деген маеги жарыяланды. Жаңы бийлик А.Акаевден калган кадрлардын баарын кызматка орноштуруп, менин эки жердешим Осмонакун Ибраимов менен Кубанычбек Жумалиевге жумуш бербей койгону мени таң калтырат, дейт Д.Садырбаев. Басылмада Алмаз Атамбаевдин «Элди бөлүп-жарган бийликтин кереги жок!», Дүйшөн Чотоновдун «Кыргызда «кел» менен «кеттин» ортосу – бир чай кайнам», Өмүрбек Текебаевдин «Ууру ээсин доого жыгат болуп…», Роза Отунбаеванын «Революция бүтөлек» деген аталышта пикирлер топтому жарыяланды.

«Азаттык» үналгысын уюштуруучулардын бири Азамат Алтайдын о дүйнө салганын, анын элине кылган кызматы жөнүндө жума күнкү «Жаңы ордо», «Бишкек таймс», «Кыргыз туусу», «Агым», «Аалам», «Жаңырык апта» гезиттери материалдар топтомун жарыя кылды. Азамат ага «Азаттыкка» берген соңку маегинде узак кылым тарыхында кыйла ашуу-белес ашкан, башынан эчен кыйынчылыктарды кечирген кыргыз эли бу оорчулукту деле жеңип чыгарына ишенерин билдирген. Маектин тексти «Бишкек таймс» гезитинде жарыяланды.

Чоң өзгөрүү маалында кандай иштер жасалбашы керек? Бул суроого жум күнкү «МСН» гезитинде Замир Өсөров жооп издеген. «Кыргызстан саясий сер дымак, көкүрөк коюп чыккандардын өлкөсү», деп жазат макала автору. Социализм тушунда ортодо жүргөн республика кантип көчтүн аягына түшүп калганы тууралуу журналист В.Тимирбаев ой жүгүрткөн. Анын «МСН» гезитиндеги макаласы «Тынч жыйындардын артында кимдин кулагы делдейип чыгып турат?» деп аталат.

Жалгыз бээсин уурдаткан 106 жаштагы А.Атаканова эне менен 80 жаштагы К.Кадыров аксакал Бишкектеги Акүйдүн алдына пикетке деп келишкен. Плакат кармап турган кары адамдарды көргөн Акүйдүн чиновниктери алгач аларды тамашалап турган кишилер деп ойлошкон. Бирок да иштин чоо-жайын билишкен соң алыстан келгендерди ичкери киргизип, жоголгон бээ табыларын айтып узатышты, деп жазат Юрий Груздов «Алыстан келген карылар же ый аралаш күлкү» деген макаласында.
XS
SM
MD
LG