Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

ЖАҢЫ ИНВЕСТОР КЕЧИГИП, МУРДАГЫ ИНВЕСТОР ЖАКПАЙ…


Кыргыз өкмөтү «Жерүй» кенинин жумушчуларына жаңы инвестор келгиче орточо айлык маянасын төлөп берүү чечимин чыгарган. Мыйзам негизинде төлөнчү үч айлык мөөнөт аяктап баратканына кабатыр жумушчулар 25-майда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында пикетке чыгышты.

«Кыргызалтын» акционердик коомунун президенти Алмаз Жакыповдун ырасташынча, өкмөт өткөн жылдын соңунда «Жерүй» алтын кенин иштетүүгө жаңы инвестор табуу чечимин чыгарган. Анын негизинде «Кыргызалтын» акционердик коому англиялык «Норокс» компаниясынын ордуна австриялык «Глобал Голд» компаниясы менен келишим түзүүгө киришкен. Компаниялар жаңыланып атканда «Жерүйдө» иштеп аткан жумушчуларга үч айлык орточо айлык акысы төлөнө баштаганын А.Жакыпов мурда эле кабарлаган.

- Орточо эсеп айлык акылары төлөнүп жатат. Марттын айлыгын алышты. Үч айдын ичинде биз айлыкты мыйзамдын негизинде төлөп беребиз. Ошонун арасында инвестор кирет деген толук ишеним бар,-деди Алмаз Жакыпов.

«Кыргызалтын» акционердик коом жетекчисинин атайын белгилеген үч айлык мөөнөтү аяктап баратыр. 24-майда кыргыз өкмөтү австриялык «Глобал Голд» компаниясы менен макулдашууга «Кыргызалтынга» уруксатын берди.

Бирок да жаңы компания жумушун качан баштары азырынча белгисиз. Ага кошумча англиялык «Норокс» компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы талаштуу маселе дале чечиле элек. Иши кылып, үч ай өткөндөн кийин маянасыз калабыз деп кабатырланган «Жерүй» кенинин 700 жакын жумушчуларынын 200 чамалуусу Бишкекке пикетке келишкен. Эми алардын пикирин угуп көрөлү.

- Булар бизге жаңы келишимге кечээ өкмөттө кол коюлуп калды, деп кабарлашты. Ф.Куловдун өзүнүн келишимге элдин, депутатыңардын, өкүлчүлүктүн катышуусу менен ачык-айкын кол коюлат деген убадасы бар эмес беле. Мунуңар аткарылган жок дедик. Ошол жаңы компания ишин баштагыча бизге толук айлык акыны төлөп берсин дедик. Ошону сүйлөшөбүз деп кирип кетишти,- дейт Бакыт Сейталиев.

Электрик Нуржан Боронбаев:

- Эмки инвестор келгенге чейин айлык акыңар толугу менен төлөнүп турат, деп убада беришкен. Ушул май менен биздин контрагыбыз бүтүп атыры. Контракт бүткөндөн кийин бизге эч ким айлык төлөбөйт. Биз мынакей 700 киши жумушсуз, эчтемкесиз калдык.

Парламент депутаты Болот Шерниязов «Жерүй» алтын кенин өкмөт ачык тендерге коюп, шарты келишкен инвесторго бериши керек дейт.

- Булар эмне деген келишимге кол койгон? Ал документти биз да ала элекпиз. Абдан жашырын документ окшойт. Бирок алабыз! Ачык-айкын тендер кылып бергиле. Андай болгон жок.

«Кыргызалтын» акционердик коомунун вице-президенти Максат Жээналиев жумушчуларга компенсация апрелден тарта июнь айын кошуп толугу менен төлөнүп берилерин ырастады.

- Биз 1-апрелде сүйлөшкөнбүз. Ошондо апрель, май, июнь болот да. Ошондуктан булар тынчсызданбай эле коюшсун. Июнь айында толугу менен компенсация жүргүзүлөт.

Бүгүн парламентте «Жерүй» алтын кени боюнча өкмөттүк саат өтөт. Эмнеликтен мурунку-кийинки өкмөт «Кумтөрдөн» соң эң ири алтын кенин ачык тендерге койбой, көңүлү түшкөн компанияга берип жатышынын чоо-жайын эми депутаттар такташмакчы.

XS
SM
MD
LG