Ирактын өкмөтү өлкөдөгү коопсуздукту жана тартипти камсыздоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонго чейин АКШ менен Британиянын аскерлери ал жерде кала берет. Бул тууралуу Вашингтондо Британиянын премьер-министри Тони Блэр менен АКШ президенти Жорж Буш Вашингтондо Ирактагы кырдаалды талкуулашты. Блэр дүйнө коомчулугу Ирак өкмөтүн колдошу керек деген пикирин айтты. Президент Буш Саддам Хусейндин режимин кулатуу өзүн актады деп дагы бир ирет кайталады. Ал эми Абу Грейбдеги түрмөдө ирак аскерлерин мазактоого байланыштуу чыр-чатакты Буш Вашингтондун Ирактагы саясатындагы эң чоң катачылык катары сыпаттады.
Ирактын өкмөтү өлкөдөгү коопсуздукту жана тартипти камсыздай алганга чейин АКШ менен Британиянын аскерлери ал жерде кала берет