Түндүк Осетиянын жогорку сот инстанциясы Нурпаша Кулаевге ушундай өкүм чыгарды. Кулаев Бесландагы мектепти басып алган куралдуу топтун аман калган жападан жалгыз мүчөсү эле. Сотто ал өзүнө тагылган айыптарды моюнга алган жок. “Беслан энелери” комитети Кулаевди өлүм жазасына тартууну талап кылышууда.