Ишембиде жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 6га жакын жер силкингенде, көптөгөн кишилер таттуу уйкуда жаткан кез эле. Рихтер таякчасы боюнча күчү 6 баллдан ашкан зилзаладан улам алеки заматта курулуш имараттар титиреп-кулап, жолдор менен көпүрөлөр кыйрады. Чочуп ойгонгон кишилер көчөлөргө балдарын көтөрө жүгүрүп чыгып, жарадарларды машинелер алып кете баштады.
Элдин баары 2 жыл мурдагыдай жер титирөөдөн улам суу ташкыны башталат деп коркконун айтышат. “Мен түштүк тараптан суу каптап келатат деп уктум, ошон үчүн качып баратабыз”, - дейт мотоциклин от алдыра шашып бараткан бул жергиликтүү тургун.
2004-жылдын декабрь айында Индонезиядагы Суматра аралында башталган жер титирөө, ага удаа каптаган цунами 200 миңдей кишинин өмүрүн жалмаган.
Эксперттер бул ирет цунами коркунучу жок деп билдирүүдө. Бирок калк жыш жайгашкан Ява аралындагы жер титирөөнүн өзү эле чоң трагедияга айланды. Андан анча алыс эмес жердеги байыркы падышалар шаары Жогякартага туташ Моунт Мерапи вулканы ушул айда ансыз да бүркүчүдөй болуп көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө кадап турган. Индонезиянын байыркы борбору саналган бул шаарда электр өчүп, байланыш үзүлгөнү, ооруканаларга кишилер батпай кеткени маалымдалууда.
Бийликтегилер зилзаладан өлгөндөрдүн саны дагы өсүшү мүмкүн деп эскертүүдө. Куткаруучулар кыйраган имараттардын алдында калган кишилерди алып чыгууга жетишпей жан үрөп жатканы кабарланууда.