Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:50

Бишкектин Алатоо аянтында «Реформа үчүн» кыймылынын тынчтык митинги өттү


БИШКЕК. Митинг мамлекеттик гимн жана 12-майда Баткендеги кагылышууда курман болгондорду эскерүү менен башталды. Андан соң эл алдына чыгып сүйлөгөн саясатчылар конституциялык реформаларды ыкчамдатууну, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылышты. Аймактык бөлүнүүгө шыкак берип жаткан жагдайлар сынга алынды. Митингди алып барган Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов аянтка 30 миңдей адам чогулганын жар салды. Айрым байкоочулардын баамында, митингге 10 миңден ашуун адам катышты.

XS
SM
MD
LG