Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:50

Майлысуудан жаңы депутат болуп Арстанбек Акылбеков таанылышы мүмкүн

БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо боюнча кечээ Майлысуу шайлоо округунда өткөн добуш берүүнүн экинчи айлампасында шайлоого 56,3% шайлоочу катышып, шайлоо өттү деп эсептелди. Болжолдуу маалымат боюнча эки талапкердин бири Арстанбек Акылбеков 62,8%, Эмилбек Узакбаев 35,6 добуш алды. Мындай маалымат бүгүн Майлысуу округдук шайлоо комиссиясынан алынды.
Бул округдагы орун мурдагы депутат Камбараалы Конгантиев баш прокурор болуп дайындалгандыгына байланыштуу бошогон.
XS
SM
MD
LG