Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:31

ЖЕРҮЙ АЛТЫН КЕНИ ТАЛАШКА ТҮШТҮ


Аманбек Жапаров,Бишкек Бүгүн Жогорку Кеңештин алдына Таластан келишкен Жерүй алтын кенинин жумушчулары пикет өткөрүүнү болжошууда. Алар өткөн жумада парламенттеги өкмөттүк саатта каралган Жерүй маселеси боюнча жетекчилердин билдирүүсүнө нааразы болушууда. Таластык жумушчулар Жерүй маселеси оң чечилбесе алтын кенине баруучу жолду бууп, эч кандай инвесторлорду жолотпой тургандыктарын билдиришти.

Талас облусундагы Жерүй алтын кенинин эки жүзгө чукул жумушчулары өткөн апта соңунда Жогорку Кеңештин алдында пикет өткөрүшүп, иш менен камсыз кылууну, алтын кенин иштетүүгө инвесторлорду тендер өткөрүп тандоону, Англиянын «Оксус» компаниясы менен талаш маселени оң чечип берүү талабын коюшкан.

Алар Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча өкмөттүн «Глобал голд» компаниясы менен жашыруун түзгөн келишимине нааразы болушууда. Жер үй кенинде айдоочу болуп иштеген Кадырбек Макешбаевдин айтымында, алардын нааразы болуп атканы, алтын казып алуудан түшкөн кирешенин 50пайызын «Оксус» компаниясы мамлекетке бермек экен. Ал эми өкмөттүн азыркы «Глобал голд» компаниясы мамлекетке 40 пайыз эле берет экен.

"Биз ушуга нааразыбыз. Азыркы жетекчилер элди ойлобой эле жеке керт баштарынын пайдасын ойлоп калышты,"- деди Кадырбек Макешбаев.

Ал эми "Кыргызалтын" акционердик коомунун башчысы Алмаз Жакыпов өткөн жумада парламентте Жерүй маселеси боюнча маалымат берип, өкмөттүн чечимине карапайым калк туура эмес түшүнүп жатканын билдирген.

"Негизинен «Глобал голд» менен азыркы түзгөн келишимге ылайык мамлекет 40 пайыз пайдасын көрөт. Мурдагы “Оксус” менен келишим 33 пайыз болуучу. Экинчиден, Талас коруна мурдагы долбоор боюнча 19 млн. доллар төлөнүшү керек болчу. Азыркы долбоор 13 жыл иштей турган болсо 39 млн. доллар төлөнөт,-деген Алмаз Жакыпов.

Анын айтымында, “Оксус” компаниясы келишимдеги милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн лицензиядан ажыратылган, азыркы жаңы компания менен түзүлгөн келишим боюнча Кыргызстан пайдага тунат.

Өткөн жумадагы парламент отурумунда бир катар депутаттар өкмөт “Кенбайлыктар тууралуу” мыйзамды бузгандыгын айтып чыгышкан. Алардын баамында, Жерүй кенинен түшкөн каражат кыргыз элинин эмес, кайсыдыр бир топтун кызыкчылыгына жумшалып кетүү коркунучу бар.

Парламент депутаты Болот Шерниязов Жерүй алтын кенине мамлекеттик маани берилбей, жаңы бийлик жетекчилеринин жеке кызыкчылыгы жогору болуп, коррупциянын башаты өкмөт тараптан болуп жатат деп сынга алган.

Жерүй кенинде иштеп аткан жумушчулардын Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына келген өкүлү Шумкарбек Осмонов: “Эгерде Жерүй иштетилбесе же коррупционерлерге берилсе, Талас эли кенди ачтырбайт. Кан жолду бууп, өкмөттүн өзүн Таласка киргизбей коюууга ниеттенип турушат”,-деп баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG