Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

ИРАН ООГАНСТАНГА ТЕМИР ЖОЛ САЛЫП БЕРЕТ


Жекшемби күнү Ооганстандын президенти Хамид Карзай Ирандагы эки күндүк сапарын аяктады. Карзайдын сапары учурунда Герат шаарын Ирандын Хорасан провинциясы менен туташтырган темир жолду куруу, инвесторлорго көмөктөшүү, кылмышкерлерди алмашуу, маданий кызматташууну жакшыртуу сыяктуу болуп, бардыгы жети келишимге кол коюлду. Эки өлкөнүн лидерлери Тегерандагы жолугушууда өз ара түрдүү багыттарда кызматташууга жагдай ылайыктуу экенин белгилешти.

Чейрек кылымга жакын созулган Оооганстандагы куралдуу калабанын кесепетинен 2 миллиондой ооган жараны Иранга өтө качып, жан сактаган. Анүчүн Хамид Карзай ишемби күнү президент Махмуд Ахмединежад менен болгон кездешүүдө Иран бийликтерине ыраазычылык айтты:

- Акыркы жыйырма жылда Ирандын биздин качкындарды жакшы ыкласы менен кабыл алганын жана соңку төрт жылдагы Ооганстан менен кызматташканын биз эч качан унутпайбыз. Ооганстан келечекте Иран менен болгон соода-экономикалык кызматташуу дагы бекемделет деген үмүттө.

Акыркы төрт жылда Ооганстан менен Иран ортосундагы саясый-экономикалык мамиле жакшы нукта өнүгүүдө. Соңку төрт жылда Ирандын Ооганстанга болгон экспорту он эсеге өсүп, 500 миллион долларга жеткен. Кийинки төрт жылда Ооганстандын экономикасы төрт эсеге өсүп, 2005-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 16 миллиард долларга тете болду. Ага карабай, Карзайдын сөзүнчө, Ооганстан былтыр Иранга 2 миллион долларга гана товар саткан.

Тышкы базарга жарагандай товар чыгаруучу өндүрүштү көтөрүү үчүн, президент Карзай жекшемби күнү Тегеранда ишкерлер менен өткөн жолугушууда, ырасмий Кабыл ирандык инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө даяр экенин билдирди. Президент Ахмединежад ооганстандык коллегасынын сөзүн колдоп, эки өлкө түрдүү тармактарда кызматташуусу үчүн жагдай бар экенин белгиледи:

-Карзай айткандай, Ооганстан жана Иран чоң мамлекеттер. Эки жак өнөр жайы, айыл чарбасы, транспорт, жаңы технология, илим жана билим, маданият жана башка тармактардын баарында өз каалоолоруна ылайык кызматташуусуна ыңгыйлуу шарт түзүлгөн. Азыр эки өлкөнүн кызматташуусу үчүн жакшы шарт бар.

Хамид Карзай коңшу эки өлкө тили, маданияты эле эмес, диний жактан да жакын экенин шарданалоо максатында Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Айтолла Хомейнинин күмбөзүнө барып зыярат кылды. Ооган лидери совет баскынчылыгына каршы согушта Хомейни дос катары оогандарга чоң жардам көрсөткөнүн айтып, бул жакшылыкты “оогандар унутпайт” деди:

-Ооган эли катаал заманды баштан кечирип жатканда Хомейни дос катары колдоду. Ал Ооган жихадына катышты, ал ооган элине жардамдашты, ал ооган качкындарына баш паанек берди жана Ооган калкы үчүн Алладан жакшылык тиледи. Анын жакшылыктарын Ооган эли унутпайт.

Ооган президентинин сапары алдында, Ооганстан АКШ менен жакын мамиледе болгондуктан, Хамид Карзай Тегерандын ядролук программасынан чыккан чатакты жөндөөдө Иран менен Батыш ортосунда арачылык кылышы мүмкүн экени айтылып жаткан. Бирок, Карзай 27-майда Тегеранга келген күнү Иран бийликтери Ооганстан арачы болсун деген сунушту кескин четке кагып салды.

XS
SM
MD
LG