Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

АКСЫ ОКУЯСЫ КАЙРАДАН ЖОГОРКУ СОТ ТАРАЗАСЫНДА


2002-жылдын 17-18-мартында болгон Аксы окуясы сотто кайра башынан тергелиши ыктымал. Бул маселени бүгүн Жогорку Сот Башкы прокуратуранын кайрылуусунун негизинде кароого киришти. Башкы прокуратура өз кайрылуусун жаңы жагдайлардын бар экендиги менен негиздөөгө аракет кылган.

Аксы окуясын кайра тергөө сунушу менен башкы прокурордун биринчи орун басары Абибилла Абдыкапаров Жогорку Сотко мындан эки ай мурда кайрылган. Кайрылууда белгиленгенге караганда, мурдагы тергөөдө бийликтин жогорку тепкичиндеги жетекчилердин аракеттерине, «Тайфун» жана «Буран» операцияларына укуктук баа берилбей калган. Башкы прокуратуранын мындай сунушун Жогорку Соттун коллегиясына катышкан онго чукул жабырлануучулар жана алардын жактоочулары колдоп чыгышты.

Жабырлануучулар төрт жылдан бери эшик жыртып, бирок, элге каршы ким ок аткандыгын таба албай келатышканын айтышты. Аксы окуясында ок жаңылып, анын кесепетинен алты кабыргасынан, жарты өпкөсүнөн ажыраган Назарбек Медетбековдун айтымында өлгөндөрдү аткан боюнча иш козголгон эмес : "Бу күнөөлүүлөр кайда жүрөт, ким аткан, бул боюнча иш каралган эмес. Эми азыр биз жаңы тергөөгө берилсин деп талап кылып атабыз.

Сотко катышып жаткан Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова өндүү укук коргоочулардын айтымында, мурдагы сот иши кылмыштын массалык акцияга мыйзамсыз тоскоолдук кылуу өңүтүн гана алып, Аксы окуясынын айланасындагы курал колдонуу, ага алдын ала даярдыктар өңдүү урунттуу жагдайлар көз жаздымда калган. Аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сыртбай Жайчибековдун айтымында, элге каршы ок атууну бийлик «Тайфун», «Буран» операциялары аркылуу ишке ашырганбы, жокпу, эң башкысы ушул маселени иликтөө үчүн сөзсүз ишти кайра кароо зарыл:

"Качан ошол операция киргизилген? Талаада (Боспиек талаасында) кимиси кандай кызмат аткарган? Кимиси көрсөтмө берген? Сырттан кандай көрсөтмөлөр түшкөн? Ал тууралуу маалыматтар бар. Бирок, алар кылмыш иштин маалыматтарына такталып, тиркелген эмес".

Башкы прокуратуранын тыянагында «Тайфун» операциясын киргизүү убактысы боюнча буга чейинки соттук териштирүүлөрдө эки ача көрсөтмө берилип келген.

Мындай бүтүмдү төгүндөп, ишти кайра териштирүүгө эч кандай негиз жок дегендердин бири Аксы райондук ички иштер кызматынын башчысы Данияр Кулуев.

"Тергөө учурунда бардыгы такталган. Мен «Тайфун» операциясын беште, тополоң бүткөндөн кийин, беште келип туруп кол койгомун,- деди Данияр Кулуев.- Бирок, «Тайфун» операциясы ишке кирген эмес. Мен бул көрсөтмөнү биринчи күнү бергем. Ушул көрсөтмөнү такай айтып келатам.

Ушундай эле пикирлерин сотто мурдагы облустук прокурор Зоотбек Кудайбергенов, мурдагы район акими Шермамат Осмонов өңдүү жоопкер тарап да билдиришип, Жогорку Соттон мурдагы чечимди күчүндө калтырууну сурашты. Аксы окуясы боюнча мурдагы сотто райондук жана облустук деңгээлдеги аталган жетекчилер сот жообуна тартылышып, кийин акталышкан. Бирок, аксылыктар менен укук коргоочулар ошол кездеги Карыпкулов, Абышкаев, Дубанаев, Урманаев, Акматалиев өндүү мамлекеттик жооптуу кызматкерлердин окуяга тиешеси бары-жогу аныкталбай калгандыгын ишти кайра кароону шарттаган негизги жагдайлардын бири катары белгилешти. Коллегияда жабырлануучулар элге каршы атылган окко ким күнөкөр экенин аныктоо үчүн ошол кездеги президент Аскар Акаев, премьер министр Курманбек Бакиев баштаган мамлекеттик бийлик жетекчилери да сотто көргөзмө бериши керек дешти.

Боспиектин жанындагы ок атууда беш киши окко учуп, бирөө таяктан каза болгон. Жетимиштен ашык адам жарат алган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG