Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

ЕВРОПА БИРИМДИГИНДЕГИ СОҢКУ ӨЗГӨРҮҮЛӨР


Нарын АЙЫП, Прага Дем алыш күндөрү Вена шаарында Европа Биримдигине кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү. Жыйында Европа Биримдигинин бирдиктүү конституциясын кайрадан талкууга коюу маселеси каралды жана министрлер - бул өтө орчундуу проблема боюнча талкууларды бир жылга токтотууну чечти.

Үстүбүздөгү жылы Европа Биримдигине жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу маселеси өтө курч турат. Бардыгы план боюнча өнүксө, 2007-жылдын 1-январынан тартып Биримдикке Болгария менен Румыния мүчө болуп кошулууга тийиш. Октябрда болсо Түркиянын мүчөлүгү боюнча талкуу башталыш керек. Андан тышкары Хорватия менен жакында эле эгемендүүлүк боюнча референдум өткөргөн Черногория жана Украина менен Грузия дагы Европа Биримдигине мүчө болуп кирүүнү өз тышкы саясатындагы негизги максаттардын бири катары койгон.

2004-жылы уюмга он мамлекет мүчө болуп кошулгандан кийин Биримдиктин эски мүчө-мамлекеттери ичиндеги маанай бир кыйла өзгөрө баштады жана Евробиримдиктин конституциясы мындан туура бир жыл мурда Франция менен Нидерланд элдери тарабынан четке кагылганы дагы ошондой маанай менен байланыштуу болгон.

Азыр, мисал үчүн, Алмания калкынын 80 пайызы, Францияда 72 пайыз жана жалпы Евробиримдик боюнча санаганда, элдин 63 пайызы - жаңы мамлекеттер уюмга мүчө болуп киргенден кийин мурдагы мүчө-мамлекеттер элинин турмушунда маселелер пайда болгону тууралуу айтууда, мисал үчүн, жаңы өлкөлөрдүн тургундары Батыш мамлекеттерине келип, иштей баштагандан жергиликтүү калк кээде жумуш таба албай калууда.

Ошондуктан Венадагы жыйында жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жараянын токтото туруу маселеси да коюлду, бирок Биримдиктин жетекчилигинин пикиринде, эгер мурда берилген убадалар аткарылбай калса, ал бейстабилдүүлүккө алып келиши мүмкүн деген пикир айтылды. Ошондуктан евроконституция менен Евробиримдикти кеңейтүү маселелерин бир мезгилде чечпестен, азырынча ошол кеңейүү ишин гана жөнгө салуу керек деген пикир жеңди.

Аны менен кошо болсо талапкер мамлекеттердеги абалды жакшыртуу мүмкүн. Алманиядагы Бертельсман фондунун эксперти Армандо Гарсианын айтымында, мүчө болуп кирүү үчүн андай мамлекеттер реформа өткөрүүгө мажбур болот: "Европа Биримдигине кирүү мүмкүнчүлүгү өзүнчө эле бир күч, аны пайдалануу менен талапкер мамлекеттерде көптөгөн өзгөрүүлөрдү ишке ашырып, реформаларды алдыга жылдыруу мүмкүн", - дейт Гарсиа.

Биримдикке кирүү үчүн ар бир мамлекет Копенгаген критерийлерин аткарууга тийиш, алар демократия, мыйзамдуулук, адам укуктары жана эркин экономика шарттары менен байланыштуу.

XS
SM
MD
LG