Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

“АЛ-КАИДА” ЕВРОПАДА АКТИВДЕШЕ БАШТАДЫ


“Ал-Каида” жана анын бөлүмдөрү Европадагы мусулман жамааттарынан финансылык жардам алганы, жаштарды террорчулукка тартканы активдүү иштерди улантууда. Муну өткөн аптада Британияда өткөрүлгөн антитеррордук операция да ырастады. Эксперттер мындай иш чаралар зарыл дешет, бирок Европаны террорчулардын жашыруун уюктарынан толук тазалоо үчүн дагы далай убакыт керектигин эскертишет.

Британиядагы операция маалында теги ливиялык сегиз киши кармалды. Алардын бири Сирияда атайын даярдыктан өткөн, дагы экөө террордук уюмдарга жакындыгы бар үчүн Улуттар Уюмунун “кара тизмесине” кирген. Шотландиялык эксперт Пол Уилкинсон “Ал-Каиданын” үгүтчү эмиссарлары Европада, өзгөчө мусулман жамааты калктын жоон катмарын түзгөн өлкөлөрдө көптөн бери иштеп келатканынан шек санабайт. Андай өлкөлөргө Уилкинсон Францияны,Германияны, Италияны, анан, арийне, Британияны кошот.

Бул ойду терроризм проблемасы боюнча британдык адистердин бири Фрэнсис Грегори да бышыктады. Бирок ал мусулман эмиссарларынын “Ал-Каидага” тикелей байланышы бар экенин так кесе айта албайт. “Мен билгени, британ бийликтери көптөн бери эле бул жерде Иракка барчу ыктыярмандарды издеп,аларды үгүттөп жүргөн адамдардан шек санап келишкен. Деген менен алардын “Ал-Каидага” канчалык тиешеси бар экенин аныктоо бир топ кыйын болуу керек”, - дейт Грегори.

Лондондогу стратегиялык изилдөө борборунун аналитиги Кристофер Лэнгтондун айтымында, Ирактагы козголоңчулар көбүнсе Жакынкы Чыгыштан келгендердин эсебинен күчтөнүп жатат. Европалык өлкөлөрдөн барган жихадчылардын саны, Лэнгтондун эсептеринде, жалпы ыктыярмандардын 5 процентин түзүшү мүмкүн.

Дегинкисинде, чет элдиктердин эсебинен козголоңчулардын кошуун-колун көбөйтүү аракети Иракта “Ал-Каидага” кандайдыр бир пайда берип жатабы?

Лондондогу падышалык бириккен институттун эксперти Эмияс Годфри билдиргендей, чет элдиктерди “Ал-Каида” көбүнчө жанкечтилик иштерге тандап алат, алар болсо негизинен ирак калкына кыянат кылышат, ошондуктан жергиликтүү тургундар аларды жек көргөн маанай күчөп баратат. Айрым далилдерге караганда, “Ал-Каиданын” Ирактагы лидери Абу Мусаб ал-Заркавиге сүннүлөр арасында көп акаарат айтыла баштады. Ал өзү да чет элдик, анын үстүнө коалициянын күчтөрүнө эмес, жергиликтүү тургундарга кастарын тигип жатат. Ушунун өзү ирактыктардын жүнүн тетири айлантууда, дейт Годфри.

Эксперттер америкалыктардын Ирактагы пландарын ойрондоткону “Ал-Каида” азыр сүннүлөр менен шейиттерди араздаштырып, аларды уруштурууну көздөп калды дешет.

XS
SM
MD
LG