Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Премьер- министр Конституциянын жаңы долбоорун сунуштаганы жатат


БИШКЕК. Премьер-министр Феликс Кулов баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгып, жумушчу топко сунуштаганы жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы улуттук телеберүү аркылуу оппозициянын талаптарына жооп берип жатып билдирди. Анда өлкөнү башкаруунун аралаш формасы камтылат. Ушундай эле демилгени буга чейин «Эркиндик» саясий партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев көтөрүп, президенттик башкарууга негизденген долбоор иштеп жатканын жарыялаган. Буга чейин «Реформа үчүн» кыймылынын лидерлеринин бири Кубатбек Байболов да президенттик башкарууну камтыган долбоор иштеп чыгып, жарыялаган.

XS
SM
MD
LG