Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

Парламент президент менен 5-июнда жолугууну болжоп жатат

БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаттары менен президент Курманбек Бакиев 5-июнда жолугушуп, коомдук-саясий кырдаалды талкуулашмакчы. Бул тууралуу кечээ парламент төрага орун басары Эркин Алымбеков билдирди. Бирок, мындай маалыматты президенттин маалымат кызматы тастыктаган жок.
Бул маселе алгачкы жолу 22-майда президент менен төрага Марат Султановдун жолугушуусунда талкууланган. Кечээ парламентте депутат Садырбаев жолугушууну түз эфир аркылуу көрсөтүүнү сунуштады.
XS
SM
MD
LG