Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 08:20

Америкалык аскер базасынын ижара акысын чечүү үчүн Вашингтондон делегация келатат


БИШКЕК. Антитеррордук коалициянын аба-аскер күчтөрүнүн Кыргызстанда жайгашуу шарттары боюнча келишимдин жаңы долбоорун талкуулоо үчүн эртең Бишкекке америкалык делегация келери күтүлүп жатат. Жергиликтүү маалымат каражаттары ишенимдүү булактарга таянып, ушундай билдирүү таратышты. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги мындай маалымат боюнча түшүндүрмө берген жок.
Президент Курманбек Бакиев АКШ жаңы келишим боюнча 1-июнга чейин бир жаңсыл чечим кабыл албаса, мурдагы келишимди бир тараптуу токтотуу жагын карап көрөрүн 19-апрелде билдирген.

XS
SM
MD
LG