Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

ТЫНЧ ӨТКӨН МИТИНГ, БИЙЛИК МУРДУ, ОППОЗИЦИЯ ЧҮЛҮГҮ,АСКАР КАКЕЕВДИН АРМАНЫ, ТАНДЕМДИН ТАГДЫРЫ


30-майдагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары 29-майда өткөн тынчтык митингде айтылган ой-пикирлерге, эртеңки балдар күнүнө арналган макалаларга орун берди.

30-майдагы “Агым” гезити “Күзгө чейин темир жолдун кыры менен басабыз” деген баш сөз менен чыкты. “Агымдын” башкы редактору Кенжебек Арыкбаевдин макаласы “Кайран, кыргызым...” деп аталган. Анда Курманбек Бакиев бийликке келгенче көп убада бергени, учурда дагы аткарылбаган убадалар менен тойгузуп келатканы, узун жомоктон эл тажаганы, президенттин “Акүйдү курал алып коргойм, арстанмын, жылым- бука” дегени, элдин өтө кыйын турмушу, учурдагы абал тууралуу кеп болот. Макаласын автор Болот уулу Эсенгул баатырдын айтканы менен жыйынтыктайт. “ Арманым, беттешем деп жекеге чыккан душманымды экиге бөлө чапканга жеткен кылычымдын күчү кыргыз ичиндеги элимди уруу- урууга, кокту- колотко бөлүп, күнүмдүк өмүрүнун көмөчүнө чок тарткан адамдардан тазартууга жетпеди, ов! Урпактарым ушундай арам тамактардын азабын дагы далай тартышаар...”деген экен Эсенгул баатыр.

“Сен жөнүндө сегиз сап” рубрикасын “Агым” бул ирет президентик администрация жетекчиси Мыктыбек Абдылдаевге арнады. Ал тууралуу айрым депутаттар, саясатчылар пикир айтышып “Азырынча таза, мыкты иштебесе Мыктыбек болбой калаарын” айтышкан.
30- майдагы “Агым” 27- майда өткөн “Реформалар үчүн” тынчтык- митинг жүрүшүнөн кеңири репортаж, сүрөт баяндарын жарыялап, митингдин резолюциясын толугу менен беришти. “Агымдын” кабарчысы Асланбек Сартбаевдин бул жолку макаласы “Бийликтин мурду, оппозициянын чүлүгү” деп аталат. Анда эл аралык коомчулук 27- майлады митингге баам салып, байкап турганы, өлкөдөгү кырдаал, бийликтин натыйжалуу жаңыланууга барбай жатышы, системаны өзгөртүүнүн зарылдыгы айтылган. “Ошентип, саясый коомчулук күзгө чейин тынчыраак жолго туштү. Оппозиция ушинтип чечти. Эми президент курманбек Бакиевдин ашынган идеолог, кеңешчилери тынч жатпай куру намыска бара турган болсо, кайра эле интрига, саясый кармаштын очогуна айланмакчы,”-деп жазат Асланбек Сартбаев.

27-майдагы митингди "Кыргыз руху” гезити майрамдык шоу концертке салыштырган. “27- майдагы митинг 29-апрелдин пародиясы, болгондо да өзүн өзү шылдыңдаган пародиясы болду. Ошентип биздин оппозиционерлер элдин ишенимине ойнобой кылган иши Мекенге чын ыкыластан жасалып жатканына 100 пайыз көзү жеткен соң чыгышса жакшы болмок” деп жазып, Кыргызстандагы абалды чайпалган чыныга салыштырат.

“Аалам” гезити “Ынтымактан артык дөөлөт жок” деген Сарт акенин айтканын баш сөз кылып чыкты. Ошондой эле бул гезит 27- майда Жалалабатта өткөн өзбек коомчулугу уюштурган митингдин талаптарын, максаттарын да чагылдырды. “Ааламда” мурдакы президенттин кеңешчиси, академик Аскар Какеевдин Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, учурдагы саясый кырдаал тууралуу пикирлери жарыяланды. “ Мекенин таштай качып кеткен Аскар Акаевге абдан таарындым. Байланышпайм, аны менен байланышкым да келбейт. Аскар Акаев педагог, табияты абдан жумшак, романтик, илимдин кишиси болсо, Курманбек Бакиев анык-өндүрүшчү. Өнөр жай, экономиканы өргө сүйрөйт, өнүктүрөт деп ишенем. Кийинки мезгилде саясаттын нукура жүзү жоголуп, кыргызчылык болуп жаткандай сезилет мага” деген пикирин айткан академик Аскар Какеев.

“Аалам” гезитинин кабарчысы Жазгүл Ибраева “Ысыккөл” коомдук фондунун аткаруучу директору, экс-премьер- министр Турсунбек Чыңгышев менен маектешкен. Анда ал учурдагы коомдук иш- аракеттери, ыңкылаптан кийинки саясый кырдаал, конституциялык реформа, сөз эркиндиги, өлкөдөгү коррупциянын гүлдөшү жана экономикада эч бир жылыш болбой турганы жөнүндө кеп кылып берген. “Бакиев менен Куловдун тандеми ката. Булар эч убакта ынтымакка келе алышпайт. Себеби Курманбек Бакиев Акаев түзгөн система менен иштеп, көп каталыктарды кетирип жатат.

Аскар Акаев кийин өзү үч жолу мени чакырып кызмат сунуштаган. Мен анын сырын билип калгандыктан барганым жок. Ал эми жаңы бийлик эч кандай кызмат сунуштаган жок. Мен өмүрүмдө кызмат сурагандардан эмесмин. Мен иштечү ишти беришпесин жакшы билем.” дейт экс-премьер- министр Турсунбек Чыңгышев.

“Кыргыз туусу” гезити мурда митинг десе эле, бийликтегилердин кулактары элейип, аны өткөрбөй койгонго аракет кылышчу. Көрсө, митингди тынчтык жол менен ызы- чуусуз деле өткөрсө болот экен. Ишемби күнкү митинг тынч өткөнү менен айырмаланды” деп белгилөө менен митингде кызуу кандуулук, эмоцияга алдырган сөздөр айтылганын баяндашты.

”Кыргыз руху”,”Эркинтоо”, “Кыргыз туусу”,”МСН”, “ Жаңы кылым”, “Слово Кыргызстана” гезиттери өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттан репортаж беришти.
“Жаңы кылым” гезити “өлкөдөн мурда, өзүңдү рефорамала” деп 27- майдагы митингди уюштуруучуларды сынга алды.

Ал эми “Эркинтоо” гезитинин кабарчысы Азизбек Чамашев “Тандем үчүн мурда чуркагандар эми тандемге каршы болуп жатышынын себептерин” иликтөөгө аракет кылган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG