Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

ЖАЛАЛАБАТ:КӨЗДӨН УЧКАН ПАСПОРТ


Жалалабат облусунда калкты паспорт менен камсыз кылуу дагыле оор абалда. Жыл башынан атуулдук документке муктаж болгон 87 миң адамдын төрттөн бири паспорт алууга жетишти. Паспортко керектүү иш кагаздарынын көптүгү кишилерди кыйла түйшүккө салды, иш-кагаздарын толтуруудагы кемчиликтерден паспорт ээлери жабыр тартууда.

Паспортко зарыл иш-кагаздарды даярдоо кыйла убакытты алат. Арбыныраак акча табууну көздөгөн жумушсуз жана каражаты аз адамдар иштөөгө ыңгайлуу убакытты колдон чыгарбоо үчүн Орусия же Казакстанга кетүүдө. Базаркоргон районунан Сеит Кадырбековдун байкоосунда түйшүгү көп паспорту жең ичинен сатып алгандар ар бир үчүнчү кожолуктан чыгат:

"Бүгүнкү күндө ар бир үчүнчү кожолуктан элетте бирден-экиден балдар пачкалап Пензага, Россияга, Самарага, Подмосковьеге кетишүүдө. Ал жакта аларды жыргаган турмуш күтпөсө керек. Бирок ошентсе дагы алар элин, жерин, ата-энесин багуу үчүн көр турмуштун тиричилиги үчүн ошол жака аттанып жатышат. Ошондой эле алардын ар бири 8 миң сомдон бекитип жашыруун паспорт алып кетип жатышат".

Жалалабат шаарынан Жусуп Макмутов да паспорт алуу үчүн керексиз бир нече иш-кагаздарды топтогондордун бири. Анын оюнда туулгандыгы жөнүндө күбөлүк менен паспорт беришсе болмок:

"Адамды кыйнап атат алар, метриканын копиясы менен эле паспорт берсе болот эле да".

Керексиз иш-кагаздардын айынан айыл тургундары жабыр тартууда. Тармактык кызматкерлердин кемчилиги үчүн да карапайым адамдар кыйналган учурлар арбын:

"Домкомдон справка алып кел, дагы ар кандай документтерди толтур дешет. Канча акча кетип атат ал жака? Ошол жерде топтолуп отургандар документтерди текшериши керек да, тууралап, сурап албайбы. Калкты аябай эле кыйнап атат алар".

Калкты паспорт менен камсыз кылууну тездетүү үчүн тармактык адистер ишемби, жекшемби күндөрү да иштөөдө. Бишкектен Ошко учак менен жеткирилген жалалабаттык паспортторду алып келүү үчүн облбийлик атайын унаа бөлгөн. Жыл башында паспортко 87 миң адам муктаж болсо, облустук бийликтин бөлүм башчысы Кадыр Бечеловдун маалыматында 29-майга чейин 17548 киши жарандык документин алды:

"Жалалабат шаардык, Сузак паспорт столдун мурдагы башчылары жакшы иштебегендигине байланыштуу иштен кетишти. Ошолордун жасаган иштери 1-2 ай артка жылдырды. Облустук паспорт столдун башчысы да кызматтан алмашып калбадыбы."

Укук коргоо бөлүм башчысы өз кезегинде паспорт тармагында паракорчулук расмий аныкталбаганын билдирди:

"Пара алышы мүмкүн эмес. Ушул жерде коррупциянын мүмкүнчүлүгүн биз жоюп жибердик. Бизге айтпаса кайдан аныкталат."
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG