БИШКЕК. Кечээ кечке жуук Баткендеги Айдаркен чек ара бөлүгүнө караштуу Өтүкчү чек ара бекетине Өзбекстан тараптан «ДЭУ Дамас» үлгүсүндөгү автоунаа менен үч өзбек атуулу келген. Мас абалындагы өзбек атуулдары кыргыз чек арачыларына оозго алгыс сөздөрдү айтып, чыр чыгарууну көздөшкөн. Чек арачылар коопсуздукту сактоо максатында эскертүү иретинде абага ок чыгарып, аларды кармашкан. Мамлекеттик чек араны бузгандар Бүргөндү айылындагы милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Мындай маалыматты бүгүн чек ара кызматы таратты.