Чынгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жаңжалым" повести боюнча буга чейин бир канча жолу кино коюлган. Анын ичинде түрктөр түрк турмушуна ылайыктап тартышкан. Мына эми немистер да ички дүйнөнүн тазалыгын жана махабаттын аруулугун даңазалаган повестти экранга алып чыгууга бел байлашууда. Чыгармага үч башка сценарий жазган мюнхендик режисер-сценарист Маркус Хелч мага фильм жаңы заманга ылайыкташтырып тартылаарын мага мындайча баяндады:
Жаңыл Жусубжан:Кыргызстанда көп өзгөрүүлөр болуп кетти. Баштапкы окуя 20-кылымдын 50–жылдарында орун алат. Анда Советтер Союзунун мезгили болчу. Бир айдоочу ичкиликке берилип, турмушу бузулат. Азыр заман башка, ошондуктан, окуя да бөлөк болушу керек".
Жаңыл Жусубжан: Сиздин фильмде Ильяс менен Аселдин тагдыры кандайча бөлөк болот?
Маркус Хелч: Мисалы, бул повесттер бир нече айдоочу социалисттик мамлекетте эң мыкты айдоочу болуш үчүн атаандашып иштешет. Бүгүн мындай нерсе жок. Азыркы турмушта индивидуализм күч алган. Кыргызстанда ар бир киши өз арбайын өзү согуп калган. Мурдагыдай социалдык жыргалчылыктар жок. Көпчүлүктүн жашоосу кыйын. Ар ким өз жанын, өз үй-бүлөсүн өзү багышы керек.
Жаңыл Жусубжан: Мына ошол жыргалчылык заманда Ильястын жумушу, татынакай келинчеги, уулу бар эле. Бактысын көтөрө албай, ичип, өз турмушун өзү бузду. Ушундай кишинин тагдыры сизди кандайча кызыктырып калды?
Маркус Хелч: Анткени, бул бир жагынан алганда махабат баяны. Кейиштүү махабат баяны. Алар бактылуу жубайлар болгон. Бирок Ильяс өзүмчүлдөнүп, келинчегин кор кылды. Акыры аялынан да, баласынан да айрылды. Менимче Айтматовдун повестинде "аялыңды кор кылба, өзүн да кор болуп каласың" деген ой камтылган.
Жаңыл Жусубжан: Чынгыз Айтматовдун аталган повести менен катар, кеминде 15 чыгармасы немис тилине которулган. "Кызыл Жоолук жаңжалымды" окугандан кийин Маркус Хелч Кыргызстанга атайын барып, Ильяс менен Асел жүргөн жерлерди кыдырып чыккан. Австриянын тоо курчаган Иннсбрук шаарындагы фестивалда Бакыт Карагуловдун "Манкурт" жана Эрнис Абдыжапаровдун "Саратан" же "Айыл өкмөтү" көрсөтүлдү. Андан кийин Хелч мырза Эрнис Абдыжапаровго өз сценарийи боюнча фильм тартууну сунуш этти. Бул долбоорго каражат табыла элек, бирок жаңы фильм тартылып калса, немис режисcерлеру ага жалаң кыргызстандык адистерди жана актерлорду чакыра тургандыгын бышыкташты.
Сүрөттө : Немис режиссеру Маркус Хелч кыргызстандык кесиптештери Эрнис Абдыжапаров жана Бакыт Карагулов менен.