Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

5-ИЮНДА ПРЕЗИДЕНТ ДЕПУТАТТАР МЕНЕН КАНДАЙ ФОРМАТТА ЖОЛУГАТ ?


5-июнда Кыргызстандын бийлик бутактарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу белгиленүүдө. Ал кандай форматта болуп, кайсы маселелер талкууланышы мүмкүн.

Президент, аткаруу жана сот бийлигинин катышуусу менен мамлекеттеги кырдаалды талкуулоо сунушун Жогорку Кеңештин депутаттары 22-майдагы жабык эшик артындагы жыйынында кабыл алган. Буга 20-майда Жалалабад облусунда элдик курултай болуп, анда парламентти таркатуу чечими кабыл алынышы, президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыковдун Баткен, Ош облустарын кыдыруусу себепкер болгон. Депутаттар аткаруу бийлиги бул аракеттерди жең ичинен колдоп, парламентти таркатууга даярдыктар көрүүдө, бул жалпы мамлекеттеги кырдаалдын курчушуна алып келет, ошондуктан абалды президент менен талкуу зарыл деген чечимге келишкен.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов бул маселе боюнча президент Курманбек Бакиев менен кеңешкенде, мамлекет башчысы жолугушууга макулдугун берген.

Президенттин Жогорку Кеңештеги толук ыйгарым-укуктуу өкүлү Алымбай Султанов 5-июнга белгиленген жолугушууга кимдер катышаары тууралуу буларды билдирди:

"Жогорку Соттун төрагасы, Жогорку Соттун мүчөлөрү, Конституциялык соттун төрайымы, Конституциялык соттун мүчөлөрү, Өкмөттүн башчысы, өкмөттүн мүчөлөрү, парламент толугу менен, президенттин администрациясы жана президенттин өзү. Мына ошондо эмне деген суроо-талаптар коюлат. Мен азыр айта албаймын".

Оппозиция өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов болсо "биз өзүбүздүн сунуш-талапты 27-майда митингиде айттык, андан артык айтаар эч нерсебиз жок", деген оюн ачыктады.

Жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, 20—22-майда түзүлгөн кырдаал менен азыркы кырдаал кескин айырмаланат. Маселен,андан бери оппозициялык «Реформа үчүн» кыймылдын өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусунун губернатору, президенттин түштүк регион боюнча өкүлү болуп дайындалды. Ал парламентти таркатуу аракетине чек коюларын билдирди.
Президенттин өзү парламентти таркатуу каршы экенин дагы бир ирет тастыктады. Андан сырткары 27-майдагы митинг бийлик менен оппозициянын тирешүүсүн жаңы баскычка көтөргөн жок. Ошону менен 22-майда Жогорку Кеңеш жабык эшик артында талкуулаган маселе кайсы бир деңгээлде актуалдуулугун жоготту.

Бирок, депутат Айдарбек Керимкуловдун пикиринде, бийлик бутактарынын жолугушуусу өз актуалдуулугун жогото элек. Ал эмес Президент менен Жогорку Кеңештин диалогун системалык түргө өткөрүү зарыл:

"Менин оюмча, президент менен парламенттин жолугушуулары системага киргизилсе, абдан туура болот эле. Анан экинчиден, мен өзүм депутат катары президентке эле эмес, оппозицияга да, бийликке да айта турган оюм бар. Ошондой мамлекеттин келечеги боюнча өз карашым бар. Ошондуктан жолугушуу болсо экен деген ойдомун".

Айдарбек Керимкуловдун пикиринде, президенттин деңгээлинде чечиле турган бир катар маселелер бар. Анын чечүү үчүн да 5-июндагы жолугушууну өткөрүү зарыл. Анын форматы алгач бийлик бутактары ортосунда болуп, андан кийин ылайыгы келсе саясий партия, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдардын катышуусу менен Улуттук диалог форматында өтсө туура болот.

Бирок, азыркы кезге чейин 5-июндагы жолугушуунун кайсыл жерде болоору, күн тартибине кандай, канча маселе коюлары белгисиз. Парламент өкүлдөрү азырынча ал жолугушуу түз эфирде көрсөтүлүш керек деген пикирди гана бекем карманууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG