БИШКЕК. Бул тууралуу коргоо министри Исмаил Исаков бүгүн өкмөт үйүндөгү жыйында премьер-министр Феликс Куловдун суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анда коргоо министри коррупцияга каршы күрөшүү иштери боюнча маалымат берди. Жыйында бул тармакта коррупция аскер комиссариаттарында кездешээри белгиленди. Жыйынга катышкан айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрү аскер бөлүктөрүндө абал жакшы жагына өзгөрө баштаганын айтышты.