Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

ТЕГЕРАН МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ АКШ ДАЯР, БИРОК ШАРТ КОЮУДА


Нарын АЙЫП, Прага Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселе боюнча АКШ жетекчилиги Тегеран менен түз сүйлөшүү өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Бирок андай сүйлөшүү баштоонун шарттары мурдагыдай эле катуу.

1979-жылы Тегеран шаарындагы америкалык элчиликтеги 52 адамды иран студенттери барымтага алып, аларды 444 күн туткунда кармагандан бери АКШ менен Иран ортосунда дипломатиялык мамиле жок жана 27 жылдан бери эки өлкө өкүлдөрү эч сүйлөшүү жүргүзгөн эмес.

Ирандын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселе акыркы мезгилде өтө курчугандыктан, Бириккен Улуттардын баш катчысы жана башка саясатчылар менен эл аралык уюмдар Вашингтонго кайрылып, Иран менен түз сүйлөшүү баштоого чакырган. Андай сүйлөшүү жүргүзүүгө АКШ даяр экенин америкалык мамлекеттик катчы Кондолиза Райс 31-май күнү билдирди, бирок, анын айтымында, сүйлөшүү башталыш үчүн Иран өзүнүн уран байытуу иштерин толук токтотууга тийиш. Райстын айтымында, Тегеран бул сунушка макул болбосо, анын арты жаман болот:

"Сунуш четке кагылса, анда Иран режими өзүнүн азыркы саясатын улантып, дүйнөлүк коомчулуктун пикирине каршы өзөктүк куралга ээ болууга умтулуп, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин бузган болот. Ал өтө жогору баага турат. Биз жана биздин европалык шериктерибиздин пикиринде, мындай жол катуу саясий жана экономикалык санкцияларга алып келет", - деди Райс айым.

Европалык шериктер жалпысынан агамакул. АКШ өкмөтүнүн басма сөз катчысы Тони Сноу билдиргенге караганда, 30-май күнү президент Жорж Буш телефон аркылуу Алмания, Орусия жана Франциянын жетекчилери менен маселени талкуулаган. Отуз биринде болсо ал Израил, Жапония жана Ооганстандын жетекчилерине дагы телефон чалган жана алардын баары АКШнын туруму менен макул болгон.

Иран тараптан болсо азырынча расми жооп боло элек, бирок өкмөттүк ИРНА маалымат агенттиги 31-май күнү билдиргенге караганда, Вашингтондун жаңы сунушу - жөн гана пропаганда. Ирандын мурдагы президенти Мохамад Хатами болсо 30-май күнү Кувейттен билдиргенге караганда, Тегеран өзөктүк курал өндүрбөй турганына эл аралык коомчулукка кепилдик берет, бирок тынчтык максатындагы өзөктүк изилдөөлөрдөн баш тартпайт.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине кирген беш туруктуу мүчө-мамлекетинин тышкы иштер министрлери бүгүн Вена шаарында жолугуп, маселени талкуулаш керек. Орус министри Сергей Лавровдун айтымында, жыйында орчундуу чечим кабыл алынууга тийиш. Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин деректири Мохамед Элбарадеи болсо 30-май күнү Франциянын Монтерей шаарынан сүйлөп, Иран азыр эл аралык коомчулукка түз коркунуч түзбөгөнү тууралуу айтты. Ошондуктан абал дагы эле татаал.

XS
SM
MD
LG