Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

ДАЛАЙ-ЛАМА ЕВРОПА ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Дүйнө буддистеринин жетекчиси Далай-лама Брюсселде Европа Биримдигинин жана Белгиянын жетекчилери менен жолугуп, ири эл аралык жыйынга катышты.

30-май күнү Брюсселде дүйнөлүк диний жетекчилердин жыйыны өткөрүлдү, ал жыйынды Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу жана Европа Биримдигинде азыр төрагалык кылган Австриянын канцлери Вольфганг Шюссел өткөрдү. Жыйынга будда дининин дүйнөлүк жетекчиси Далай-лама дагы катышты. 31-май күнү ал Брюсселде журналисттер үчүн дагы жыйын өткөрдү. Далай-лама Бельгияда 5-июнга чейин болот, ал өлкөнүн премьер-министри Ги Верховстадт менен дагы жолугат.

Далай-лама Тибеттин эгемендүүлүгү үчүн күрөшкөнү менен белгилүү. Кытайдагы бийликке 1949-жылы коммунисттер келгенден тартып Далай-ламанын Тибеттеги бийлиги чектелип-токтотулган жана он жылга уланган күрөштөн кийин Далай-лама Индияга качууга аргасыз болгон. Эгемендүүлүк үчүн тынчтык ыкмалары менен күрөшкөнү үчүн Далай-лама 1989-жылы Нобел сыйлыгына татыган.

Брюсселде дагы Далай-лама Тибеттин келечеги тууралуу өз ойлору менен бөлүштү, бирок, анын пикиринде, Тибет эли азыр толук эгемендүүлүк үчүн эмес, кеңири автономия үчүн күрөшүүдө: "Биз азыр кытай өкмөтү менен түшүнүшүү жолдорун издеп жатабыз. Жалпысынан алганда, когргонуу жана тышкы иштеринен башка аракеттер - Тибет маданиятын, буддизмди жана жергиликтүү экологияны жакшы билген тибеттиктердин өздөрүнүн колуна берилүүгө тийиш", - дейт Далай-лама.

Ошол эле 31-май күнү Далай-лама Брюссель шаарында Европа парламентинин тышкы байланыштар комитетинде да чыгып сүйлөдү. Ал жыйында Далай-лама Кытайдагы демократия, мыйзамдуулук жана адам укуктары тууралуу пикирлерин айтты, бирок депутаттардын - Тибетке кандай жардам берүү мүмкүн деген суроосуна ал - жакын арада орчундуу эч жардам көрсөтүү мүмкүн эмес, бирок Европа такай колдоо билдирип турса, ал алыскы келечекте эбегейсиз жардамга айланаарын билдирди.

Далай-ламанын айтымында, дүйнө калкынын жарымынан көбүн аялзат түзөт, демек кудайга ишенгендердин көпчүлүгү дагы аялдар. Ошондуктан азыркы мезгилде аялдардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. Андан тышкары, Далай-ламанын айтымында, будда дининдеги жогорку кызматка Будданын тикелей урпактары тандалууга тийиш, бирок азыркы учурда андай урпактар тукуму Тибет, Таиланд, Шри Ланка жана Бурмада үзүлгөн, анткен менен андай урпактар азыр Кытай, Тайван жана Сингапурда бар.

Дагы бир айта кете турган нерсе - Америкалык Конгресс жакында Далай-ламаны АКШнын жогорку сыйлыгы - Конгресстин алтын медалы менен сыйлоо тууралуу чечим чыгарды.

XS
SM
MD
LG