Бүгүн Венада Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчө-өлкөлөрү – Россия, Кытай, АКШ, Британия жана Франция Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу маселелерди талкуулашат. Жыйынга Германиянын өкүлү да катышат. Батыш өлкөлөрү буга чейин Иранга карата санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгү каралган Резолюциянын долбоорун сунушташкан.