БИШКЕК. Бул окуя 31-майдын түнүндө Токтогул районунун аймагында болгон. Тапанча жана автомат менен куралданып, бетин чүмбөттөгөн белгисиз үч адам «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп, айдоочусун бутуна аткан. Андан соң автоунаадагы жүргүнчүлөрдү коркутушуп, жалпысынан 12 миң сомдой акча алышкан. Бутунан жараат алган айдоочу учурда ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Шайырбек Эркин уулу
Шайырбек Эркин уулу