Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Кыргызстан туристтик сезонго даярбы?


Майда эле Бишкекте жана Ысыккөлдө эл аралык туристтик жармаңкелер өтүп, бир катар келишимдер түзүлдү. Бирок өлкөдөгү саясый кырдаалды коңшу мамлекеттердин маалымат каражаттары терс чагылдырып, туристтерди үркүтүп жатышат. Деги быйылкы жайкы эс алуу сезонуна даярдыктар кандай?

Мурдакы бийлик туризм тууралуу көп айтышканы менен алгылыктуу аракеттер көрүлбөгөнүн, маселелер сөз жүзүндө гана калганын учурдагы бийлик өкүлдөрү айтып, бул тармакта иш башталды. Чыныда акыркы жылдары чет өлкөлүк туристтер кыргыз жергесине кызыгып келе баштады. Алар Кыргызстандын кооз жаратылышы, туристтик зор мүмкүнчүлүгү жөнүндө дүйнө коомчулугуна кабарлап, бул аймакта альпинизмди, аңчылык туризмди, экологиялык туризмди, рафтинг мелдештерин уюштурса болоорун белгилеп жүрүшөт.

Айрыкча май айында Бишкекте өткөн туристтик жармаңкеге 11 өлкөдөн 150дөн ашуун журналист келип, Кыргызстан менен жакындан таанышып кетишти. Ошондой эле чет өлкөлүк альпинисттер Кыргыз жергесиндеги бийик чокуларга чыгууга дилгир.

Ысыккөлдө эс алууну каалаган казакстандыктар менен орусиялыктар арбын болгону менен өлкөдөгү тынчтык митинг- жыйындарын туура эмес чагылдырган маалымат каражаттары аларды чочутуп турган учуру. Бул жагдай тууралуу Кыргызстандын өнөр жай, соода жана туризм министринин орун басары Турусбек Мамашев мындайча билдирди:

"Дүйнө коомчулугу Кыргызстан жөнүндө өтө аз билишет. Маалыматтан аксап турабыз. Реклама, маркетинг кызматын колго алууга колдон келишинче аракет кылып жатабыз. Ал үчүн каражат керек экен. Казакстандын айрым маалымат каражаттары “кара пиар” туристтерди үркүтүп жатышат. Мындай маалымат согушуна биз да жооп кылып, бир жума Алматы, Астанада түшүндүрүү иш- аракеттерин жүргүзөбүз. Кыргызстандын туризм тармагына эларалык уюмдардын жардамы, колдоосу керек болуп турат."

Жергиликтүү калк дагы туризмдин маани- маңызын түшүнүп калды. Жайкы эс алуу мезгилинде ысыккөлдүктөр туристтерди кабыл алуу менен киреше таап, үй бүлөсүн багып жатат. Жакында эле Ыссыккөлдө өткөн туристтик жармаңкеде 50 миллион сомдон ашуун каражатка келишимдер түзүлүп, эс алуучу жайлар сезонго даяр экенин билдиришти.

Кыргызстанда туризмдин бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө негиз бар, бирок айрым эс алуучу жайлардын шарты начар, баасы кымбат экенин, коңшулар менен тыкыс иштөөнүн зарылдыгын Жогорку кеңештин депутаты Болот Шерниязов белгиледи:

"Туризм- деген чоң бизнес. Биздеги эс алуучу жайлар, турфирмалар кирешелерин жаап жашырып, эки бухгелтериялык эсеп жүргүзүшүп, салыктан качып, өздөрүнүн гана чөнтөгү үчүн иштеп жатышат. Өлкөбүзгө келген туристтердин, альпинисттердин так санын билүү мүмкүн эмес. Анткени, учет жана көзөмөл жок. Чет өлкөлүк туристтер элден мурда экологиялык сертификатты сурап, сервиске өзгөчө көңүл бурушат. Биздин айрым эс алуучу жайлардын шарты менен баасы дал келбейт. Ошондуктан казакстандык журналисттер туура сын айтып жатышат. Аларга терикпей иштөөбүз керек."

Чынында былтыр Ысыккөлдө эс алуучулардын саны кескин азайган. Өткөн жылы чет өлкөлөрдөн 650 миң турист Кыргызстанга келген. Быйыл болсо 1 миллион туристтин келиши күтүлүүдө дешет адисттер. Жайында туристтердин көңүлүн буруу максатында Соңкөлдө эл аралык фольклордун фестиваль өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG