Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:52

ӨЗБЕК ТИЛИНЕ СТАТУС БЕРҮҮГӨ НЕГИЗ ЖОК, ТАНДЕМ-МАНДЕМ


2-июндагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары бийликтин каталыктарын сындаган жана 27-майда өткөн митинг тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.

“Агым“ гезити “Беш өрдөгү өкмөттүн, канаты талбай учат, эй” деген баш сөз менен чыкты. “Бакиевдин саясаты “балдар үчүнбү?” деген фотоколлаж да берилди.

Ушул “Агымда” түштүктөгү өзбек улутундагылар көтөргөн маселелер талкууга алынган. “Өзбекстанда жашаган кыргыздардан болгону райондук кеңешке экөө гана депутат болсо, Кыргызстанда Жогорку кеңештин 7 депутаты өзбек экенин, эки элдин орторсуна от жаккан саясатчылар болуп турганын, бул жагдай тынчтыкка кедергиси тие турган оору экенин журналист Кенжебек Арыкбаев “Оору” деген макаласында талдоого алган.

“Орус тили улуттар аралык байланыш тили. Бардык улуттар пикир алышып жатпайбы?! Эми өзбек тилин тыңдасак, бу тилде өзбектер гана сүйлөшөт. Ошондуктан өзбек тилине расмий статус берүүгө эч кандай негиз жок” деген пикирин “Агым” гезити аркылуу мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев билдирген.

Президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү, Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев “Мен авторлук кылган он чакты мыйзам долбоору бар. Аларды бышырып, Жогорку кеңеш аркылуу өткөндөн кийин гана, тээ күздө мандатымды тапшырам” деп жооп берген “Агымдын” кабарчысына.

“Агым” гезити Орусиянын “Время новостей” гезитине чыккан Жогорку кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун “Рысбектин өлүмү бийликтин кадыр- баркынын ого бетер түшүшүнө алып келди” деген маегин кыргызча которуп басышты.

“Агымдын” кабарчысы Жеңишбек Эдигеев Баяман Эркинбаевдин жесири Чолпон Султанбекова менен маектешкен. Анда ал “Баяманды өлтүргөндөр азыркы бийликте олтурганын, өлүмү саясый заказ болгонун, артында 2 уул, бир кызы калганын, учурунда элге көп жардам бергенин, ошентсе да Баямандын артында ушак-айыңдар айтылып жатканын айткан.

“Аалам” гезити “Абайла, кыргызым, арак сени кайда жетелеп баратат?” деген фотоколаж менен чыкты.

№57 Кемин шайлоо окуругунан эки жүздөй шайлоочу акыйкатчы Турсунбай Бакир уулуна кайрылган. Алар бир жылдан бери депутаты Айдар Акаев шайлоочуларынын укуктарын коргобой жатканын айтышкан. “Айдар Акаевге парламент мыйзам чегинде баа бериши керек” дейт акыйкатчы “Ааламга” берген маалыматында.

Учурдагы каржы жана экономика министри Акылбек Жапаров жолугушууларда, жыйындарда агасы Турдакун Усубалиевди туурап, орус тилинде көп сүйлөп, иш кагаздарын орусча жүргүзүп жатканын акын Каныбек Жунушов “Аалам” аркылуу сынга алган. Ушул гезит көлдүк Кыдыр аке тууралуу кеңири баянды жарыялады.

“Кыргыз руху” гезити бул күндөрү АКШ менен Кыргызстандын атайын комиссиясы америкалык авиобазанын тагдырын чечип, баасын бычып жатканын маалымдады.

“”Ганси” менен “Кант” базалары Кыргызстандын тышкы саясатындагы жападан- жалгыз “көзүрү”. Кыргызстан менен соодалашуу АКШга жарашпайт. Өзгөчө Борбор Азияда “Ганси” атындагы базасын көчүрө турган үчүнчү өлкөнү таппагандан кийин” деп жазат кабарчы Жазгүл Масалиева.

Журналист Болот Таштаналиевдин макаласы “Кыргыздын бир гана мекени бар- ал Кыргызстан” деп аталат. “Эгерде Баяман Эркинбаев тирүү болгондо, депутат Кадыржан Батыров бир ууч элди көтөрүп, өзбек тилине расмий статус сурамак эмес, Баткенден кирген 4-5 боевик кырчындай жигиттерди өлтүрмөк турсун, чек арага жолой албайт эле. Ушул өңүттөн алганда Баяманга окшогон эр жигиттер ушу бүгүн аба менен суудай керек” деген пикирин билдирген “Кыргыз рухунун” редактору Болот Таштаналиев.

“Бишкек таймс” жумалыгынын кабарчысы Максат Бейшеналиевдин билдиргенине караганда “көмүр королу” аталган Нурлан Мотуев 8 кылмыш иши боюнча айыпталууда. “Ал алдын ала эсептөөлөргө караганда мамлекетке 40 млн. сом зыян келтирген” деп маалымдайт кабарчы.

“Бишкек таймс” гезитинин кабарчысы Базарбай Гапаров “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев менен маектешкен. Анда ал өлкөдөгү абал, саясый кырдаал, президенттик башкаруунун артыкчылыктары, парламент, кыргыз тили, сот бийлиги, өзбек туугандардын негизсиз талаптары тууралуу кеп кылган.

“Тандем башынан эле мандем болгон. Кетсе өкмөт башы кетет. Кетсин. Бу кейпи менен экономиканы , өзгөчө өндүрүштү 5 пайызга да өстүрө албайт. Өндүрүштү билбесе эмнеге олтурат. Кетсин. А жерге күндүр-түндүр экономика менен алек болгон мыкты адис, тажрыйбалуу таза адам керек” деген пикирин билдирген Топчубек Тургуналиев.

Маркум, залкар композитор Калый Молдобасановдун чыгармачылыгы, адамдык касиеттери тууралуу Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынова “Бишкек таймска” жазып, эскерген.

Учурунда Азамат Алтайдын аманатын аткарган учурдагы өкмөт башчысынын экономика боюнча кенешчиси Жаныбек Оморовдун маеги да ушул гезитке жарыяланды.

“Эркинтоо”, “Кыргыз туусу” гезиттери 1-июнда өткөн балдарды коргоо күнүнө арналган иш- чаралардан кеңири репортаж беришти.

“Тартип, тактык болгон жерде гана иш болорун, Кыргызстандын экономикасын көтөрүү эң башкы милдет экенин Жогорку кеңештин төрагасы Марат Султанов “Эркинтоого” берген маегинде белгилеген.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG