АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын кечээ күнү билдиргенине караганда, эгер Батыш тараптан жасалган акыркы сунуштарга Иран макулдук бербесе, ага каршы эл аралык санкциялар жарыяланат. 1-июнда Вена шаарында АКШ, Алмания, Британия, Кытай, Орусия жана Франциянын тышкы иштер министрлери ал тууралу бир пикирге келген: Орус министри Сергей Лавровдун айтымында, түз сүйлөшүү жүргүзүү боюнча АКШ жасаган сунушка Иран көнүш керек: "Бул сунушка Иран макул болуп, сүйлөшүү столуна отурат деп биз үмүт артабыз", - деди Лавров 2-июнда Венадан Маскөөгө кайтып келгенден кийин. Анткен менен Тегеран кайсы убакытка чейин жооп бериши керек деген чек коюлган жок.