Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 04:58

БҮБҮСАРА - ЭЛ БИЙЧИСИ ЭЛЕ


“Талант тагдыры” аттуу түрмөгүбүздө кыргыздын улуу бийчиси, СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева жөнүндө сөз болуп, анын туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналмакчы..

Залкар бийчи 1926-жылдын 17-майында Аламүдүндүн Таштөбө айылында туулган. 1936-41-жылдары Ленинград хореографиялык окуу жайында окуган. 1948-49 жылдары ошол эле окуу жайдын өнөрдү өркүндөөтчү классында белгилүү педагог А.В.Вагановадан таалим алган. Бүбүсара 1941-жылдан Кыргыз Улуттук А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өмүрү өткөнчө 1973-жылдын 10-майына чейин иштейт. Тубаса шыкка бай бийчи композиторлор В.Фере менен В.Власовдун “Селкинчек”, “Анар”, “Асел”, К.Молдобасанов менен Г.Окуневдин “Куйручук” аттуу улуттук балеттеринин башкы каармандары Зайнуранын, Анардын, Айдайдын, Зейнептин, Аселдин партияларын аткарат.

Дүйнөлүк жана орус классикасынын П.Гертелдин “Курулай сактыктыгында” Лизанын, П.Чайковскийдин “Ак куу көлүндө” Одеттанын, Р.Глиердин “Кызгалдагында” Тао Хоанын, И.Штраустун “Чоң вальсында” Фанниндин, Ф.Шопендин “Шопенианасында” Сильфиданын ж.б. ондогон партияларды угуучу-көрүүчүлөрлдүн жан дүйнөлөрүндө түбөлүккө жашагандай чеберчиликте аткарган.

Кайталангыс шыктагы залкар бийчи СССР, Кыргыз ССР Жогорку Советине үч жолу депутат болуп шайланат. Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаттыгына татыктуу болот. Эмгек Кызыл Туу, “Ардак белгиси” ордендери, медалдар менен сыйланат.

Бүбүсара Бейшеналиева! Бул ысым айтылганда көз алдыма шынга бойлуу, кара каштуу, оймок ооздуу, моймолжуган бото көздүү, шекерден таттуу сөздүү, жүзү айдай, бели тутам, тал жибектей буралган, аста сүйлөп айдай жаркыраган сулуунун сулуусун, аялзатынын перисин, кыргыз бийинин канышасын элестетем.

Көрүүчүлөр тарабынан эл кызы, биздин Бүбүсара, “Кыргыз бийинин туусу” деген атак-даңкка конгон айтылуу бийчи 1941-жылы Ленинграддагы хореографиялык окуу жайын бүтөөрү менен күлгүндөй өмүрүн өткөнгө 1973-жылдын 10-майына чейин Кыргыз Улуттук А.Малдыаев атындагы опера жана балет театрында иштейт. Бул жылдардын аралыгында Бүбүсара коомчулукка өзүн улуттук бийдин баштоочусу, негиз салуучусу, жылдызы катары көрсөттү.

Ал ар бир каармандын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирип, Кудайым берген тубаса жаркын шыгынын кудурети менен көрүүчүлөрдүн жүрөгүндө жашай тургандай чеберчиликте жаадырай жайнай төгүлүп чачылып бийлер эле. Бүбүсаранын келишкен турпатынан, кол, бут, өң кыймылдарынан, ымдоо, жаңдоолорунан бийлөөнүн кереметтүү ажары ачылып, чыныгы майрамга айланчу.

Бүбүсарада ар бир көрүүчүнү сыйкырчыдай шак өзүнө тартып алган кереметтүү жылдыздуулук менен аялзатында өтө сейрек кезигүүчү асыл сапаттар да мол эле. Биринчиден, ал үйдүн куту аталган таанымал композитор Акмат Аманбаевдин сүйүктүү жардын, Эрмектей татынакай уулдун энеси болгон. Экинчиден, Бүбүсара эбиреп-жебиреп көп сүйлөбөгөн, бирөөлөрдү жамандап суу куйбаган, бой көтөрүп мактанбаган, ушак айтпаган, улууларды урматтап, кичүүлөрдү сыйлаган кичипейил акылы тунук, өткөрө адамкерчиликтүү айым эле. Үчүнчүдөн, маркум Бүбүсараны үйүнөн, көчөдөн, театрдан, сахнадан көрбөгүн кабагына кар жаадырбай жаадырап жайнап жүрүүчү. Бир сөз менен айтканда Бүбүсара бул жарык дүйнөгө бир келип, бир кеткен төрт тарабы төп келген кыбыла эле.

Маркум Бүбүсара Бейшеналиева менен Кыргыз Улуттук А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын сахнасында 18 жыл бирге бийлеген Уран Сарбагышов буларды эскерет:

- Бүбүсара Бейшеналиева кыргыз элинин, бийинин жылдызы эле. Ал Ленинграддагы хореографиялык окуу жайын бүткөн. Бүбүсараны сөз менен сыпатап айткандан көз менен көрүш керек. Эмне үчүн дегенде маркумдун турган турпатын, сулуулугун, бийчилигин, адамдык сыпатын айтып отурса сөз жетпейт. Сахнада эмес, үйдөн, көчөдөн көргөндө жалпы келбети жалкоодой көрүнчү. Ал басканда жай, салмактуу басчу. Ошондуктан билбегендер бийчи деп да ойлошчу эмес. Ал эми Бүбүсара сахнага чыкканда али заматта көрүүчүлөрдү өзүнө магниттей шак тартып алуучу. Ошону менен көрүүчүлөр Бүбүсаранын бийлеген бийлеринен көздөрүн алышпай, демдерин ичтерине алып, дымырап отуруп көрүшчү. Бүбүсара жоош болчу. Дастаркону кенек, берекелүү эле. Мени кез-кезде конокко чакырып калчу. Ошондо менден: - эртең сен мени көтөрөсүң күлчөтай, лагман, күрүч жейсиңби, деп сурап калчу. Айткан тамагымды ушунчалык ширелүү кылып жасап берчү. Кээде мен жаштык кылып бейбаштанып машыгууга келбей, же кечигип калсам аябай урушуп, таарынчу. Анан кийинки күнү менден өчүн алыш үчүн лагманга тоюп келип – эми, мени көтөрүп бийлеп көрчү – дечү. Мени ини катары абдан жакшы көрчү. Мага насаатчы да болду. Көп жардам берди.

- Уран мырза, он сегиз жылдын ичинде Бүбүсара менен болжолу канча роль аткардың?

- Абдан көп роль аткардык. Алардын айрымдарын айтап кетсем “Анар”, “Чолпон”, “Корсар”, “Ромео менен Жульета”, “Лаурансия”, “Ак куу көлү” ж.б. Бүбүсаранын эң акыркы бийлеген балети “Асел” болду. Аны сахнага мен койдум. Башкы роль Аселди ойногон үчүн Бүбүсара Токтогул атындагы сыйлыкка татыктуу болду. Көп жолу өкмөттүк, майрамдык чоң концерттерде бийледик. Менин оюмча, азырынча кыргыздан Бүбүсарадай бийчи чыкпайт. Ал кыргыз элинин бактысына бир келип, бир кеткен улуу бийчи деп эсептейм.

- Уран мырза, композитор Михаил Раухвергердин “Чолпон” балети качан көркөм фильм балет болуп тартылды?

- 1958-жылы Москвада кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасы болду. Ошондо М.Раухвергердин “Чолпон” балети борбордон,Ленинграддан келген меймандарга көрсөтүлдү. Аларга жакты. Айрыкча “Чолпон” ленинграддыктарга аябай жакты. Анан алар киного тартабыз, дешти. Балетмейстр Нурдин Түгөлов болуп 1958-жылы Ленинградда “Чолпонду” киного тарттык. Кино абдан жакшы тартылды. 114 чет өлкө сатып алышты. Дүйнө элдеринин көрүүчүлөрү болсо “Чолпон” фильм-балетин көргөндөн кийин Бүбүсараны “Чыгыштын чыныгы сулуусу, жылдызы” дешип, жамырата газета-журналдарга жазып чыгышты. Ошентип, Бүбүсара дүйнө элине таанылды.

- Уран мырза, жогоруда өзүң атаган ролдордун ичинен Бүбүсаранын бүтүндөй жан дүйнөсү менен берилип, эргип ойногон ролу бар беле?

- Мен билгенден, сезгенден Бүбүсара “Чолпондон” Айдайдын, “Аселден” Аселдин, “Анардан” Анардын, “Раймондодон” Раймондонун ролдорун ушунчалык бүтүндөй жан дүйнөсү менен берилип бийлөөчү. Ал көрүүчүлөргө ырахат тартуулоо менен өзү да ырахат алуучу.
XS
SM
MD
LG