Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында №23 Майлуусуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын бекитүү, №37 Мырзаке шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жантөрө Сатыбалдиевдин депутаттык ыйгарымын токтотуу маселеси каралат. Маалым болгондой депутат Жантөрө Сатылбалдиев 24-майда Ош облусунун губернатору болуп дайындалган. Ал эми Майлуусу шайлоо округу боюнча 28-майда болгон шайлоонун экинчи айлампасында Акылбек Арстанбеков жеңип чыккан.