Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН БИРИ ХАВЬЕР СОЛАНА ТЕГЕРАНГА КЕЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Европа Биримдигинде тышкы саясат үчүн жооп берген Хавьер Солана 4-июнда Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине келди. Сапарга чыгаар алдында анын жардамчылары билдиргенге караганда, эгер Иран Батыш мамлекеттери менен сүйлөшүү жүргүзүү ниетин билдирсе, Солана дароо Тегеранга келип, Батыштын сунуштары менен Иран жетекчилерин тааныштырат. 5-июнда Солана чындап эле Тегеранга кайрылмай болду.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине мүчө беш мамлекет жана Алманиянын тышкы иштер министрлери 1-июнда Вена шаарында жолугуп, Иранга карата бирдиктүү мамиле кылуу маселесин талкуулаган. Анын алдында, 31-май күнү АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жаңы демилге менен чыгып, Иран менен өтүп жаткан сүйлөшүүгө АКШ дагы кошулууга даяр экенин билдирген. Венадагы жыйынга катышкан министрлердин баары ал сунушту кубаттап, эгер Тегеран аны четке какса, анда Бириккен Улуттар аркылуу Иранга каршы санкция жарыялоо жараянын баштоо мүмкүн деген пикирге келген.

АКШ менен Иран ортосунда 1979-жылдан бери дипломатиялык мамиле жок, ошондуктан Вашингтондун Тегеран менен сүйлөшүү жүргүзүүгө болгон макулдугунун өзү эле эксперттер тарабынан жаңы сапаттагы сунуш катары бааланууда. Анткен менен АКШ андай сунуштун шарты катары - Тегеран өзүнүн уран байытуу иштерин токтотууга тийиш деп билдирген жана Иран президенти Махмуд Ахмадинежад ага дароо жооп берип, өзөктүк технологияга ээ болуу Ирандын эч кандай шартта баш тартылбай турган укугу деп билдирген.

Анткен менен Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки 3-июнда атайын билдирүү жасап, Батыш мамлекеттеринин жаңы сунушуна макул болуудан мурда Тегеран ал сунуштар менен таанышып, аларды иликтеп чыгууга тийиш деп айтты: "Талкуулана турган маселе өзгөчө, ошондуктан аны чечүү үчүн эч кандай алдын ала коюлган шарт болбош керек, анын ичинде, кандай чаралар көрүлөөрү тууралуу да алдын ала айткан болбойт. Сунуштардын өзүнө келсек, биз алардын бизге жакын арада берилишин күтүп жатабыз жана Венадагы жолугушуунун жыйынтыгы катары жасалган ал сунуштарды карап чыккандан кийин гана биз өз пикирибизди билдире алабыз", - деди министр Тегеран шаарынан.

Эксперттердин пикиринде, Моттакинин бул билдирүүсү Иран жетекчилери тарабынан мурда айтылып келген жарыялардан алда канча жумшак жана маселени чечүүдө дипломатиялык жол аркылуу эми кандайдыр бир ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Ошондуктан 4-июнда Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине сапарга чыккан Хавьер Солана Иранга дагы кайрылмай болду.

Батыш мамлекеттери Иранга бир топ экономикалык жеңилдиктерди жана аскерий максатта колдоно алынбаган өзөктүк технологияны берүүгө даяр. Андан тышкары Европа Биримдиги Вашингтонго кайрылып, Иранга жаңы үлгүдөгү учактарды сатууну да сунуштаган. АКШ болсо мурда Иранга каршы катуу чараларды көрүүнү талап кылып келген жана Тегеранга каршы санкция жарыялоо боюнча атайын резолюциянын долбоору да иштелип чыккан, бирок Кытай менен Орусия аны колдобой турганын билдиргенден кийин Вашингтон жаңы демилге менен чыкты.

XS
SM
MD
LG