Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:12

ГЕРМАНИЯ БОРБОР АЗИЯГА КАРАТА ЖАҢЫ СТРАТЕГИЯНЫ ИШТЕП ЧЫГАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Биринчи январдан тарта Германия 25 өлкө мүчө болгон Eврошаркетке ротациялык ыкма боюнча жарым жыл бою төрагалык кылат. Алдыда турган төрагалык кылуу милдетине байланыштуу өлкө Еврошаркеттин Борбор Азияга карата бирдиктүү саясатын иштеп чыгуу маселеси менен алек болууда. Буга чейин уюм региондо бирдиктүү саясат иштеп чыккан эмес.

Германиянын Тышкы иштер министрлигинин берген маалыматына караганда, алдыда айтылган стратегияны иштеп чыгуу иши али соңуна чыга элек, ошондуктан Еврошаркеттин Борбор Азияга каратылган саясаты кандай болоору жөнүндө конкреттүү түрдө сөз кылуу али эрте.

"Азыр биздин төрагалыгыбыздын учурунда күн тартибине койулуучу маселелердин тизмеси такталып жаткан кез жана Борбор Азия темасы анын маанилүү темасы болмокчу. Бирок учурда бул теманын майда- чүйдөсүнө токтолууга али эртелик кылат",-деп билдирди Германиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Камилла Пройснер өз кабарчыбыз менен болгон маегинде.

Орток стратегия иштелип чыга элек болсо да бул маселенин маанилүүлүгүн Казакстандын тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев май айында Берлинде өткөн экономикалык конференцияда белгилеп өткөн. Конференцияда сүйлөгөн сөзүндө ал бул регион перифериядан Евроазиянын маанилүү геоэкономикалык чөлкөмү болуп калууда, деп билдирген. Министр бул жерден чөлкөмдүн минералдык байлыктарына жана анын Кытай жана Россия сыяктуу дөөөлөттөрдүн так ортосунда жайгашканына басым жасаган.

Министрдин бул сөзү Лондондук эксперт Эдмунд Херцихтин пикири менен үндөшүп турат. Анын айтымында, бул маселе Европа Россиянын мунайынан көз каранды болуудан кооптонуп турган чакта айрыкча чоң мааниге ээ болууда. Анын үстүнө регион Еврошаркетте орун алып жаткан айрым социалдык проблемалардын булагы болуп эсептелет.

"Бул региондун стратегиялык жактан маанилүүлүгүндө талаш жок. Ал геосаясий жактан да энергия менен камсыз кылуу жаатында дагы маанилүү. Регион Европадагы маң зат контрабандасы, адам аткесчилиги сыяктуу проблемаларынын башаттарынын бири",- дейт Херцих.

"Жейнс Каутри Риск" атуу журналынын серепчиси Мэтью Клементс Батыш өлкөлөрү Борбор Азияны көз жаздымда калтырганы менен Россия менен Кытайдын бул региондогу таасири жогорулагынын мындайча белгилейт:

"Ирак согушу башталгандан бери АКШнын бул регионго болгон кызыгуусу азайып, батыштын бул чөлкөмгө болгон мамилеси чар – жайыт болуп кетти. Еврошаркет болсо Борбор Азияга карата али бирдиктүү саясат иштеп чыга элек. Ошон үчүн Германиянын сунушутарын кызыгуу менен күтүп жатабыз",- дейт Клементс.

Серепчинин божомолунда андай стратегиянын эки варианты мүмкүн.

"Биринчиси бул чөлкөмдүн өкмөттөрү менен кызматташып, ага жооп иретинде алардан энергетикалык коопсуздук кепилдиктерин алуу. Экинчиси-регион менен адам укуктары жана демократияны коргоо тармагында өнүктүрүү. Бул варинт өкмөттөр менен тыгыз алакалашууну көз жаздымда калтыруусу, ал тургай өкмөттөрдүн саясатына кайчы келип калуусу ыктымал",- деди Клементс.

Серепчи Херцихтин болжолунда эң мыктысы-алдыда айтылган эки вариантты бири-бири менен айкалыштырып, башкача айтканда, өкмөттөр менен кызматташууну регионго жардам берүү стратегиясы менен эриш-аркак тутуу.

XS
SM
MD
LG