Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Ысыккөлдөгү «Аврора» эс алуу жайынын ашкана кызматкерлери президенттин иш башкармалыгына даттануу катын жолдошту


КАРАКОЛ. 31 жумушчунун нааразылыгы эки ай мурда директорлукка отурган Замир Бообековдун эс алуу жайга акысыз жашап, мекеменин эсебинен досторун да коноктогонунан келип чыккан. Жыйырмадай жумушчу 5-июнь күнү директор менен жолугушуп, себепсиз жумуштан кеткен 9 кишини карап чыгуу директордун жана анын орунбасары Сүйүнбек Карабековдун 2 айдан бери үч маал бекер ичкен тамак-ашынын акысын төлөө талаптарын койду. Нааразылыкка Комсомол айылынын тургундары да катышып, алар ар бир кишини 40 сом төлөмөйүнчө көл жээкке өткөрбөй жаткан жаңы ыкманы адилетсиз деп белгилешти. Ал эми Аврора эс алуу жайынын директору Замир Бообеков жеген тамагы үчүн 1411 сом, досторун коноктогондо 1700 сом төлөгөндүгүн күбөлөндүргөн чектерин көрсөттү. Ал жумуштан кеткен 9 киши өз каалоосу менен бошогонун айтып, жергиликтүү тургундарды көлгө акысыз өткөрүүнү убада кылды.

Рита Нурмамбет кызы

XS
SM
MD
LG