Германиялык Фридрих Эберт корунун демилгеси менен уюштурулган борборазиялык журналисттердин Европа сапары бир жумага созулду. Ага Түркмөнстандан башка төрт республикадан бирден журналист, анан да казакстандык белгилүү адам укугун коргоочу Евгений Жовтис катышты.
Белгилүү саясатчылар, маалымдоо каражаттарыын өкүлдөрү, парламент мүчөлөрү менен өткөн пикир алышуу, талаш-тартыштарда негизинен постсоветтик Борбор Азия республикаларындагы саясий-экономикалык окуялардын себеп-жөнү, жүрүштөрү, адам укугунун, сөз эркиндигинин сакталышы, демократиялык жаңылануулардын оош-кыйышы жайында болду.
Социализм урагандан кийин өз алдынчалыкка жетишкен Борбор Азия республикаларындагы жагдай Батыш өлкөлөрүн, айрыкча саясат таануучулардын кылдат баамында турат экен. Акыйкатта да, 90-жылдары дурус дегидей башталган демократиялык жаңылануулар көбүндө токтоп, биринде жеке бийлик бекем орун-очок алса, экинчиси жалаң карамай менен газдын үйөр акчасына марып турган кези. Бийлигин сактап калыш үчүн бирбоор калкына ок аткан, каршы чыккандарын канга чакаткан, чогулуп келип бийлик башында отурганды кууп түшүп, эмдигиче көчө жыйын, сүрмөтоптун эргиткен дымагынан чыга албай келатканы да бар.
Иши кылып, демократияга умтулган постсоветтик Борбор Азиянын беш республикасынын жетишкендиктерине караганда жетишпегендиктери арбын, мактанычына караганда кейиши көп.
Бир баамдаганым, Батыш саясат таануучу, коомдук ишмер, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн көпчүлүгү Казакстандагы экономикалык ыкчам өнүгүүгө өзгөчө үмүт артканы болду. Аны биз менен жолуккандардын кыйласы жакшы жөрөлгө катары баалашты. Бирок да ошол эле учурда Казакстанда адам укугун сактоо жаатында толгон-токой проблемалар толтура экенин, Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмуна төрагалык кылууга кызыкдар казак бийлиги алган милдеттенмелерин аткарышы абзел деп баса белгилеп жатышты.
Оболу сөз болгон демекчи, Германиядагы биринчи иш сапар “Amnesty International” жана «Чекарасыз репортерлор» уюмдарынын немис секцияларынан башталды. “Amnesty International” уюмунун немис секциясынын Борбор Азия жана Европа бөлүмүнүн жетекчиси Фердинанд Муггенталер кийинки кездери Өзбекстандагы адам укугунун сакталышын өзгөчө кылдат иликтеп жатышканын айтты.
- Өткөн жылы биздин офис негизги басымды, албетте, Өзбекстанга койду. Маселе өзү абыдан татаал.
Ф.Муггенталердин айтымында, уюм Германия Башкы прокуратурасына Өзбекстандын мурдагы ички иштер министри Закир Алматовду камакка алуу, ага каршы кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен кайрылган. А бирок мыйзам сактоочу орган коомдук уюмдун талабын аткаруудан баш тарткан. Коомдук пикирдин өзүнө каршы козголушунан чочулаган З.Алматов дарылануусун токтотуп жерине шашылыш кайтууга мажбур болгон. Ташкенге келген соң Анжияндагы калабага тиешеси бар деп шектелген министр кызматынан алынган.
Кийинки кездери адам укугун бузуу экономикалык жагынан кедей өлкөлөрдө эле эмес,бай мамлекеттерде деле көнүмүшкө айланып баратат. Анын бир көрүнүшү катары “Amnesty International” уюмунун өкүлү Орусияны мисалга тартты. Бирок да бул жаатта Борбор Азия өлкөлөрүнүн деле жетишип кеткен жери жок.
- Тилекке каршы, чөлкөмдөгү абал жакшыргандын ордуна артына - начар жагына кетип баратат. Кыргызстан тууралуу антип айталбайм. Өзбекстанда ахывал начар, Түркмөнстан жөнүндө айтпай эле коеюн. Бирок да антип артка кетүү жалгыз эле бул чөлкөмдө эмес, жалпы эле дүйнөдө, террорчулук менен күрөшүүгө шылтап көп өлкөлөр, анын ичинде Орусия да адам укугунун бузулушуна анчалык маани бербей калды.
Фердинанд Муггенталер 53 өлкөнүн башын бириктирген Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму адам укугун такай бузуп келаткан өлкөлөргө карата «жумшак саясатын» жүргүзүп келатат деп белгиледи.
Ал эми «Чекарасыз репортерлор» уюмунун немис секциясынын жетекчиси Эльке Шеффтер дүйнөдөгү сөз эркиндигинин душмандарынын ким экенин аныктап, сүрөттөрүн чогултуп илип койгон. Алардын катарында Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкө жетекчилеринен В.Путин, И.Каримов, С.Ниязов, Н.Назарбаевдин сүрөттөрү турат. Кайриет, Кыргызстан жетекчисинин сүрөтү ал жерге азырынча илине элек экен.
- Жаңылануунун оорчулугун башынан кечирип жаткан өлкөлөрдө сөз эркиндигинин сакталышына өзгөчө көңүл бурабыз. Бул өлкөлөрдө маалымдоо каржаттарынын абалы кандай, мыйзамдарда алардын эркиндигине жол берилеби? Алардын шарт-жагдайын жакшыртуу боюнча кандай иштер жасалууда? Шайлоо өткөндөн кийин абал өзгөрүлдүбү? Украина, Грузия, Кыргызстанда шайлоо болуп өттү. Биз албетте, бул процесс кыйлага созуларын билебиз. Өкмөттүн жаңыланышы артынан дайым эле кескин саясий жаңыланууну алып келбейт,- деп айтты Эльке Шеффтер айым.
Батыш өлкөлөрү Борбор Азиянын жаңычыкма өкүмдарларына өзгөчө этият мамиле жасайт, алардын адам укугун, сөз эркиндигини тебелегенин көрүп-билип туруп деле эч кандай эскертүү жасабайт. Жадесе жеке бийлигин орнотуп алган Түркмөнбашы менен деле кол алышып, алака-катышты үзбөй келатышат, деген сын кепти абыдан көп укканын Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Борбор Азия жана Түштүк Кавказ башкармалыгынын жетекчиси Рольф Шульц маалым кылды. «Мындай кеп-сөздөрдө чындыктын үлүшү бар», деп айтты ал.
- Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнүгүшү бири-биринен айырмалуу. Силер аркылсыңар. Кеп бул жерде ким жакшы өнүгүп, ким артта калганын атйын белгилеп айтууда эмес. Ошондон бизге айтылган сын кеп мага көбүнчө түшүнүксүз бойдон калат. Себеп дегенде биз, Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, сиздердин жетекчилик менен жолугушууда болгон маселелерди ачык эле айтабыз. Бизди бири-бирибизди далыга таптап сылык-сыпаа басып кетишет деп ойлобогула. Анан да Европа өзүнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн камын көрүп, баарына көз жуумп коет деп ойлош туура эмес.
Германия өкмөтү Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрүп, чөлкөмдө экономикалык-саясий реформалар ыкчам жүрүп, анын натыйжасы калк турмушунун жакшырышына алып келишине кызыкдар экенин расмий бийлик өкүлдөрүнүн баары бирооздон белгилешти.
Борбор Азия чөлкөмүндө жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө кылдат баам таштаган саясат таануучулардын, адистердин пикири кандай? Сөз эркиндигинин сакталышы, журналисттик этика сындуу олуттуу маселелер жайындагы кеп-сөздөр кийинки берүүлөрүбүздө айтылмакчы.