Бүгүн Өнөр жай, соода жана туризм министринин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов Татарстандын Өнөр жай жана тышкы соода министри баштаган делегацияны кабыл алат Анда Кыргызстан менен Татарстан ортосундагы кызматташуу маселеси талкууланат. Татарстан министрин ушул эле күнү өкмөт башчы Феликс Кулов да кабыл алмакчы.