Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

ШАЙТАНДЫН МӨӨРҮ “666”


Амирбек Усманов, Прага Бүгүн 6-июнь, 2006-жыл. Бул күндү кыскача жазсак 06/ 06/ 06. болот. Алты саны миң жылда бир ирет мындай тизмектешип келгендиктен, ал өзгөчө сөз кылууга татыйт. Батыш дүйнөсүнүн салты боюнча, 666 шайтандын белгиси болгондуктан, жашыруун жана табияттан сырткы күчтөрдүн касиетине ишенген оккультизмдин тарапкерлери менен коркунучтуу “хоррор” фильмдерди сүйгөндөр 666 санын шайтандын мөөрү дешип, астейдил мамиле жасашат.

Батыш календары боюнча 2006-жылдын 6-июну өзгөчө күн. Анын кеңири жайылган аббревиатурасы: 06/06/06. 666 саны Батыш маданияты менен психологиясында каситтүү саналат. Аны көпчүлүк учурда “Шайтандын белгиси” деп да атап коюшат. Ага арнап, Голливуд бүгүн “хоррор-триллер” стилиндеги “Аян” (“The Omen”) деп аталган фильмдин жаңы версиясын чыгарат. Коркунучтуу окуяларга толгон бул тасма 1976-жылы биринчи жолу кино сүйүүчүлөргө көрсөтүлгөн. “Аян” тасмасы кичинекей бала кейпиндеги шайтандын өзү чогуу жашаган үй-бүлөгө көрсөткөн азаптарын баяндайт.

“Хеви металл” музыкасынын күйөрмандары да 6-июнга өз белектери менен келишти. Батыш өлкөлөрүндөгү таанымал “Slayer“ рок-группаcы жайкы музыкалык сапарын 6-июнга туурулап баштоодо. Баса, “Slayer“ сөзү “киллер”, киши өлтүргүч дегенди түшүндүрөт.

Эмне үчүн 666 Батыш тарсаларынын түшүнүгүндө шайтан менен үндөшүп турат? Аалым-илимпоздордун айтымында, андай түшүнүктүн жаралышына “Библиядагы” “Кимдин көзү ачык болсо, ал макулуктун номурун эсептеп көрсүн, ал үчүн адамдын номуру бар. Анын номуру 666”, -деген сап негиз болгон.

“Библиядагы” бул сап тарса динзарлары арасында түрдүүчө чечмеленип келет. Кээ бир динзарлар 666ны шайтан эл көзүнө көрүнчү күн дешсе, башка бирөөлөр шайтан ушундай номур менен кандайдыр бир заттын бетине, мисалы, төлөмдөрдө кеңири колдонулуп жүргөн дебиттик же кредиттик картага чегилген болот деген ишенимде.
Мындай кеп-сөздөрдү тарса теологдору колдошпойт. Лондон университетин профессору, доктор Лутц Дорингдин айтымында Евангелие китеби символдорго толо жана алгачкы тарсалар символдор менен жашашкан: "Алар символдорду чындыкка которушкан эмес жана бүгүн да ал символдор менен эч нерсе кылуу мүмкүн эмес деп ойлойм. Бул код азыркы “олуялардын” түрдүү ачылыштары эмес. Алардан айрымаланып, сырдуу сандар биринчи кылымда алгачкы христиандарды коркутуу үчүн пайдаланылган".

Айрым диний тарыхчылар 666 алгачкы тарсаларды куугунтуктаган Рим императору Неронун коду деп боолгошот.

Бүгүн да Батыш өлкөлөрүндө 666 санынан корккондор көп. Алсак, ири Батыш ишканалары чыгарган заттарын 666 деп атоодон качышат. “Intel” компаниясы 1999-жылы микропроцессорун “666 MHz Pentium III” деп атамак болуп, бирок кардарларды чочулатпоо үчүн аны базарга “Pentium III 667” деген аталышта чыгарган.

XS
SM
MD
LG